ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Мал багууда глауконит минералдык кошумчасын колдонуу

Кыргыз мал чарба жана жайыт институту тарабынан мал багууну жакшыртуу максатында изилденип  жаткан глауконит минералдык кошулмасы КР ИА геология институту тарабынан Жалал-Абад облусунун Кызылтокой деген жеринен чыккан. Бул  жергиликтүү жаратылыштан алынган минералдык кошулма малдын тамак сиңирүүсүн жакшыртып, кошумча макро-микро элементтери менен, көп ооруга антибиотик катары колдонууга боло турган, эффектүүлүгү  жогору, мадын рентабелдүүлүгүн , кунардуулун, сапатын  жогорулатуучу кошумча болуп саналат.

Изилдөөлөрдүн негизи боюнча алатоо тукумундагы ири мүйүз малдын жана койдун уяң жүндүү тукумун жемдин курамына кошумча гауконит кошулмасы менен тоюттандырууда келечекте малдын кунардуулугун  жогорулатарын көрсөттү.

Жыйынтыгында сүт азыгы уй башына 10-12% көтөрүлүп, жем чыгымы 1 кг сүткө 9-11% азайды, музоонун бир күндүк тирүүлөй салмагы 15,6% көбөйүп, жем чыгымы 12,8% азайды. Ал эми койдун тирүүлө салмагы 9,7% көбөйүп, кыркылган жүнү 8,1% жогорулады.

Жаратылыштагы жергиликтүү глауконит кошулмасы – бул экологиялык жактан таза, эффектүүлүгү жогору, малды кошумча тоюттандырууда бардык жагынан жагымдуу, салттан тышкары, башка кошулмаларды алмаштыруучу курам болуп саналат.

Показать текст
Close