ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Үрөндү ууландыруу

Дан эгиндерин ургалдуу айдоо технологиясы, өсүмдүктөрдү өнүгүүнүн баштапкы стадияларында илдеттерден коргоону камсыз кылуучу, фунгициддик препараттар менен үрөндү ууландыруу ыкмасын камтыйт. Үрөндөрдү ууландыруу маңызы себүүчү материалды (үрөндөрдү, жемиш тамыр) себүү алдында химикаттар  (ууландыргычтар) менен дарылоодо жатат. Алар оору козгогучтарга тийип, аларды өлтүрөт же активдүүлүгүн төмөндөтөт.

Ууландыруунун үч ыкмасы бар: суулуу же нымдуу, жарым-жартылай кургак же кургак:

Суулуу (нымдуу) ыкма менен ууландыруу үрөндү ууландыргычтын эритмесине белгилүү бир убакытка чейин бөктүрүп же машиналарда  же үймөктөрдө көп суу менен суулап, андан ары үрөндөрдү бууктуруп коёт. Үрөндү бууктургандан кийин кургатышат жана калдыктарын жок кылуу үчүн шамалдатат, андан кийин айдашат.

Тазалоонун жарым-жартылай кургак ыкмасы, ууландыргычтын концентрациясы кыйла көп, бирок аз санда себилүүсү менен нымдуу ыкмадан айырмаланат. Андан кийин быктыруу процесси, суулуу тазалоого караганда кыйла узагыраак болот, андан ары уулуу заттардын калдыктары кетирилет.

Кургак тазалоодо үрөндөрдү упадай майда сымал ууландыргыч менен аралаштырышат.

Үрөндүн айланасында ууландыргычтан башка биологиялык активдүү заттарды камтыган оболочка түзүүчү прогрессивдүү ыкма үрөндү инкрустациялоо деп аталган. Бул ыкма чел пайда кылуучу сууда эрүүчү полимерлерди пайдаланууга негизделген, алар эң жакшы жана апробацияланган.

Бир эле мезгилде кара көсөө илдеттерин жана тамыр чириктерин козгоочулар менен күрөшүү зарылдыгын эске алуу менен, кеңири спекрдагы таасир берүүчү же айкалышкан препараттар менен үрөндөрдү тазалоого болот. Кеңири спектрда таасир берүүчү препараттардын ичинен өзгөчө орунду жогорку фунгициддик активдүүлүктөгү Раксил-6% ээлейт, ал кара көсө козу карындарынын инфекцияларына жана фузариоздук-гельминтоспориоздук тамыр чириктерине да каршы колдонулат. Өсмөлөрдү кыртыштык патогендүү микрофлорадан коргоо максатында үрөндөрдү тазалоодо Байтан, Раксил 6%, Раксил 12 % Раксил-Алт, Теназол-Ультра-12% ж.б. пайдаланылат.

Айдоо алдындагы жана өнүп чыгуучу мезгилдерде көптөгөн зоналарда жагымсыз шарттар түзүлөрүн эске алып, ууландыруучу курамга өсүү стимуляторун кошуу сунушталат, ал бул процессти тездетет жана фунгициддин фитоууландыруучулугун нейтралдаштырат. Гумуска бай, суу менен жетиштүү камсыз болгон кыртыштарда дан өсүмдүктөрүн өстүрүүдө айдоонун алдында ретарданта тура (2-5л/т 60% суу эритмеси) кошуу максаттуу болуп саналат. Кыш өткөрүү мезгили төмөнкү температуралык режими менен зоналарда күздүк өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн тазалоодо аны пайдалануу өзгөчө эффективдүү. Мында туруунун үрөнгө жакшы жабышуусуна, түптөнүү түймөгүнүн дордоё баштоосуна жардам берет, кургак заттардын түптөнүү түймөгүндө камтылышы көбөйөт. Бир катар өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн эки фунгициддин аралашмасын  пайдалануу менен тазалоо, тазалоочу курамдын таасир берүү спектрин кеңейтет. Дан өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн тазалоо механизациялаштырылган ыкма- ПС-10А, АПЗ-10 машиналары менен, атайын тазалоо үчүн аянтчада жүргүзүлөт. Тазалоону препараттын суспензиясы менен гана жүргүзүшөт. Суу суспензиясын, чел пайда кылуучунун жакшы көөп чыгуусу үчүн үрөндөрдү ууландыруунун алдында, 30-60 мүнөт мурун даярдашат. Муздак сууну пайдаланышат. Үрөндөрдү айдоо алдында, ошондой эле күн мурунтан дарылоого болот, бирок сөзсүз түрдө жылуу температураларда жүргүзүлөт. Үрөндөрдүн нымдуулугу 14-15% ашпаган болууга тийиш.

Үрөндөрдү ууландыруудагы коопсуздук чаралары. Ууландыргычтар жана тазаланган үрөндөр менен болгон бардык технологиялык жана эмгек операциялары администрациянын буйругу менен дайындалган жооптуу адам, иштердин жетекчисинин контролдоосу менен жүргүзүлөт. Жетекчи ууландыруу боюнча иштерге тартылган адамдардын баардыгын сактык чаралары жана ууланууда биринчи жардам көрсөтүү керектигин тааныштырууга, коопсуздук техникасы боюнча жана өрт коопсуздук эрежелери боюнча инструктаждоого милдеттүү. 

Пестициддер жана ууланган үрөндөр менен атайын кийимдерсиз жана жекече коргоо каражаттарысыз иштөөгө, тамак ичүүгө, суу ичүүгө жана үрөндөрдү тазалоо боюнча иштер убагында тамеки чегүүгө тыюу салынат.

Показать текст
Close