ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Түштүк Кореянын окумуштуулары менен кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду

Түштүк Корея менен Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун окумуштууларынын ортосунда илимий  изилдөөлөр жана басылмалар, илимий кызматкерлер арасында маалымат алмашуу жаатында Меморандум түзүлдү.
Меморандумдун максаты кыргыз жылкысынын ДНКсын изилдеп, генетикалык банк түзүү жана кыргыз жылкысынын жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматты элге жайылтуу болуп саналат.

Ушул меморандумдун алкагында институттун жылкы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын фермери  Ж.Осмоновдун жеке менчигиндеги жылкыларына изилдөө жүргүзүлүп, тышкы келбетине баа берилип, өлчөмдөрү ченелди.

         Жакынкы аралыкта Түштүк Кореянын окумуштуулары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймактарын кыдырып, кыргыз жылкысынын кунардуулугун  жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүгүзүп  келүү  күтүлүүдө.

Показать текст
Close