ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Өткөн жылы республика боюнча 1627,8 миң тонна сүт өндүрүлдү

Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмү, Кыргыз Республикасында 2019-жылдын аягына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат берет.

Эт өндүрүү. 2019-жылдын аягына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында 413,5 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 10221 тоннага, же 2,5 пайызга өткөн жыл менен салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51862 башка көбөйгөн, кой жана эчкинин саны – 90174 башка, жылкылардын саны – 17355 башка жана үй канаттуулардын саны 99279 башка көбөйгөн.

Белгилей кетчү нерсе 2019-жылдын январь-декабрь айында республиканын бардык облустарында, 2018-жыл менен салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлгөн

Сүт өндүрүү. 2019-жылдын январь-декабрь айында республика боюнча 1627,8 миң тонна сүт өндүрүлдү, 38,0 миң тоннага, же болбосо 2,4 пайызга былтыркы жыл менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү уйлардын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 22800 башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Жумуртка өндүрүү. 2019-жылдын аягына карата республикада 561288 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылга салыштырмалуу 28046 миң даанага же 105,3 пайызга көбүрөөк болгон.

Жумуртка өндүрүү, Чүй облусунан тышкары, бардык республиканын облустарында өсүүдө. Чүй облусунда жумуртка өндүрүү 10335 миң даанага төмөндөшү байкалат же өсүү темпи өткөн жыл менен салыштырмалуу 96,9 пайызды түздү. Ушул облустагы Сокулук жана Чүй райондорунда жумуртка өндүрүүнүн өсүү темпи өткөн жыл менен салыштырмалуу 90,8 жана 77,8 пайызды түздү. Бул райондордо жумуртканын өсүү темпинин төмөндөшүнүн эң негизги себеби Сокулук районунун “Сокулук” жана Чүй районунун “Искра” канаттуулар фабрикаларында тоют жетишбестиктен мекиян тоокторун сатып жибергендигине байланыштуу болду.

Жалпы республика боюнча жумуртка өндүрүүнүн көбөйүшү үй канаттуулардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 151618 башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Жүн өндүрүү. 2019-жылдын аягына карата республика боюнча 12943,3 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 101,1 пайызды түздү. Республиканын бардык облустарында жүн өндүрүүнүн өсүү темпи жогору болгондугу байкалат. Жүн өндүрүү өсүү темпинин эң жогорку көрсөткүчү Нарын (102,5 пайыз), Чүй (101,4 пайыз) жана Жалал-Абад (101,2 пайыз) облустарында байкалат.

КРӨ токтомунун долбооруна коюла турган маселелер

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине:

  1. 2020-жылы мал чарба продукцияларын (эт, сүт, жумуртка жана жүн) өндүрүү болжоол көрсөткүчтөрүн аткарууга бардык кечиктирилгиз чараларды көрсүн.
  2. Керектүү тоюттардын көлөмүн даярдоо, малдын башын сактоо жана айыл чарба малдардын азыктуулугун өсүшүн камсыз кылсын.
Показать текст
Close