ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Кыргызстан 2019-жылы 1 миллион тоннадан ашуун товарын экспортко чыгарды

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба,  тамак-аш  өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери жыл боюу Мамлекеттик чек арада фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү.

2019-жылы экспортко чыгып жаткан 1 миллион тоннадан ашуун товар текшерүүдөн өттү. Экспорттолуп жана импорттолуп жаткан товарларга кароо жүргүзүлүп, сактоо талаптарынын бузулбагандыгы көзөмөлдөнүп турду.

Андан сырткары этикеткаларга да көңүл бурулду. Бул экспорттолуп жаткан да, импорттолуп жаткан да товарлар үчүн маанилүү, андан сырткары коштоочу кагаздардын болушу да каралды.

Кыргызстан 2019-жылы Россия Федерациясына, Өзбекстанга, Түркияга жана 14төн ашуун жакынкы өлкөлөргө өзүнүн товарын экспортко чыгарды.

Показать текст
Close