ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Фитосанитардык контролдоо пункттарында жүргүзүлгөн фитосанитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери тарабынан  мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарында бир жума ичинде текшерүүлөрдү жүргүздү

Ушул жылдын 16-20 декабрында экспорттолуучу 5924,79 тн. /2716 м³ ата мекендик айыл чарба продукциялары текшерүүдөн өттү.

Товарларды ташып чыгаруу жана ташып кирүүсүн текшерүү менен, продукциялардан үлгүлөрдү алуу, карап чыгуу ташуу шарттары жана сактоо эрежелери ишке ашырылды. Мындан тышкары, экспорттолгон жана импорттолгон продукциялардын маанилүү аспектиси болуп саналган этикеткалоо маркалоо эрежелерин текшерүү жол-жобосу, ошондой эле коштоочу документтердин бар экендигин текшерүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына экспорттолгон 97,39 тонна жашылча (болгар калемпири, сабиз, чеснок, пияз, капуста, түрп); 488,5  тонна мөмө жемиш (жүзүм, алма, алмурут, кара өрүк, анар, бийалма, хурма); 2938,25 тонна кургатылган мөмө жемиш; 164,75 тонна жаңгак (Россия жана Түркия, Иран, Ирак) өлкөлөрүнө экспорттолгон жана 1862,5 тонна буурчак, Россия, Казакстан жана 14 алыскы , жакынкы чет өлкөлөргө багытталган. Картошка 214 тонна в Өзбекстан, Түркмөнстан; азык түлүк тамактар – 159,4 тонна Россия, КЭР, Тажикстан, Өзбекстан жана Монголия өлкөлөрүнө экспорттолгон. Жыгач материалдары — 2716 м3  Россия жана Өзбекстанга экспорттолгон.

Бардыгы болуп- 1506 уруксат кагаздары берилген.

Жума ичиндеги текшерүүнүн натыйжасында Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Бардык экспорттолгон продукциялар даректери боюнча жеткирилген, жүктөрдү кайтаруу катталган эмес.

Показать текст
Close