ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери Өзбекстандын 60 тонна коонун артка кайтарды

2019-жылдын 15-декабрында кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» Ош облусунда, «Кызыл-Кыя» Баткен облусундагы фитосанитардык контролдоо пункттарында КР АЧТАӨММ Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери бир убакта карантинге алынган 60 тонна көлөмүндөгү Өзбекстандан чыккан жаңы коонду контролдон өткөзүштү. Фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантинге алынган продукция автомобилдик жүк ташуу менен Өзбекстан Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына сатууга багытталган.

Карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүүдө карантинге алынган продукциянын Евразиялык экономикалык биримдигинин жана Кыргыз Республикасынын фитосанитардык тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына туура келбегендиги жана эреже бузуулары аныкталган.  Продукцияны кайра кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Показать текст
Close