Жаңылык

2020-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүү боюнча маалымат

Күздүк себүүлөр күзгү-кышкы-жазгы нымдуулукту жакшы сиңирет, азыктандыруучу элементтер жана жарык, отоо чөптөрдүн өсүшүнө тоскоолдук келтирет.   Күздүк айдоолордун эрозияга каршы ролу анча маанилүү эмес,   жаздыкка караганда шамал жана суу эрозиясынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча 2020-жылдын түшүмү боюнча 149,3 миң га кылкандуу дан өсүмдүктөрү, анын ичинен, 130,0 миң га – буудай жана 19,3 миң га — арпаны себүү белгиленүүдө. 2019-жылдын                       11-октябрына карата 16,8 миң га аянтка күздүк себилди, же программа 11,2% аткарылды. Ошондой эле, Чүй облусунда 12,0 миң га, Ысык-Көл облусунда – 1,1 миң га, Талас облусунда – 1,6 миң га, Жалал-Абад облусунда – 0,9 миң га, Ош облусунда – 0,5 миң га жана Баткен облусунда – 0,7 миң га аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндери себилди.  Республика боюнча  14,5 миң га аянтка күздүк себилди, же программа боюнча 11,2% түздү;  күздүк арпа – 2,3 миң га, же  программага карата 11.9% түздү. Жалпысынан быйылкы жылы күздүк себүүнү өткөрүүнүн темпи өткөн жылдын ушул эле мезгилине карата жогору.

Ал эми, үрөн менен камсыздоо иштери боюнча 1-октябрга карата 30,0 миң тонна кылкандуу дан эгиндердин үрөнү топтолду, же камсыздоо пайызы 95,8% түздү.  27,4 миң тонна күздүк буудайдын үрөнү  топтолуп, же камсыздоо пайызы 95,7%, ал эми күздүк арпанын үрөнү – 2,6 миң тонна, же 97,3% түздү. Күздүк дан эгиндеринин үрөнүн топтоо боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр Чүй облусунда белгиленген, камсыздоо деңгээли 99,2% га жеткен.

Күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз болуу 46% деңгээлинде турат жана туруктуу өсүүдө. Натыйжада, күйүүчү-майлоочу майлардын жетишсиздигине байланышкан көйгөйлөр күтүлбөйт. Быйылкы жылы күздүк себүүнү өткөрүү үчүн айыл чарба техникаларынын даярдыгы  85% -89% түзүп,  анын ичинен, тракторлордун даярдыгы 89%, тырмоочтор – 87%, сеялкалар – 85% жана малалар – 91% даяр.

Учурда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктук өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялары менен биргеликте 2020-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын түзүмүн өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Показать текст
Close