Жаңылык

«Айыл чарбасын каржылоо-7» программасы аркылуу жеңилдетилген акчалай берилген насыялар боюнча маалымат

Үстүбүздөгү жылы жетишилген жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөр республиканын дыйкандарына жана фермерлерине даректүү мамлекеттик колдоо масатында «Айыл чарбасын каржылоо-7» программасы боюнча жеңилдетилген акчалай насыялар берилип, ошондой эле, узак мөөнөткө лизинг боюнча айыл чарба техникаларын, мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон кылкандуу дан эгиндердин үрөнүн пайызсыз товардык насыя аркылуу бөлүштүрүү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө себүү жана жыйноо иштерин өткөрүүдө материалдык-техникалык ресурстары менен камсыздоо иштери жакшыртылды.

2019-жылдын 27-сентябрына карата 9849 насыя берилип, жалпы суммасы 4903961,7 миң сомду түздү, анын ичинен, дыйканчылык боюнча 2807 насыя (жалпы суммасы 1099364,0 миң сом), мал чарбасы боюнча 6741 насыя (жалпы суммасы 2610746,5 миң сом) жана кайра иштетүү тармагы боюнча 301 насыя (жалпы суммасы 1193851,4 миң сом) берилди.
Чүй облусу боюнча 2048 насыя, жалпы суммасы 1679653,9 мин сом, анын ичинен, 572 насыя дыйканчылык тармагына (жалпы сумма 357951,5 миң сом).

Ысык-Көл облусу боюнча 1558 насыя, жалпы суммасы 588963,2 миң сом, анын ичинен, 534 насыя дыйканчылык тармагына (жалпы сумма 165827,2 миң сом).

Талас облусу боюнча 1052 насыя, жалпы суммасы 347233,2 миң сом, анын ичинен, 369 насыя дыйканчылык тармагына (жалпы сумма 78076,8 миң сом).
Нарын облусу боюнча 941насыя, жалпы суммасы 383122,0 миң сом, анын ичинен, 245 насыя дыйканчылык тармагына (жалпы сумма 58061,0 миң сом).
Жалал-Абад облусу боюнча 2004 насыя, жалпы суммасы 895191,5 миң сом, анын ичинен, 490 насыя дыйканчылык тармагына (жалпы сумма 187857,6 миң сом).

Ош облусу боюнча 1487 насыя, жалпы суммасы 756709,5 миң сом, анын ичинен, 371 насыя дыйканчылык тармагына (жалпы сумма 184835,5 миң сом).

Баткен облусу боюнча 768 насыя, жалпы суммасы 253088,4 миң сом, анын ичинен, 226 насыя дыйканчылык тармагына (жалпы сумма 66764,4 миң сом).

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн заманбап прогрессивдүү технологияларын жайылтуу жана түшүмдүүлүктү жана дүң жыйноону жогорулатуу үчүн жогорку түшүмдүү жаңы сортторду жана гибриддерди пайдалануу максатында, республиканын бардык региондорунда республикалык, облустук жана райондук масштабдагы тийиштүү окутуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Показать текст
Close