Жаңылык

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет-мүчөлөрү менен биргеликте “ЕАЭБ Агроиндустриясы” маалыматтык ресурсун түзүүдө

2019-жылдын 23-октябрында Евразия экономикалык комиссиянын агро-өнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитети агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн маанилүү инвестициялык жана инновациялык долбоорлор жөнүндө маалыматтык ресурсунун иштеп чыгуусун каро мамиледе.

“ЕАЭБ Агроиндустрия” картасы Биримдиктин алкагында өндүрүштүн кооперациялык  чынжырчасын түзүү менен долбоорлорду ишке ашыра алган багыттарды камтыйт.

Долбоор импортту алмаштыруу өндүрүшүн өнүктүрүүгө тармактын ресурстук камсыздоосун жакшыртууга жана айыл чарбаны мамлекеттик жактан колдоо чараларын натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшөт.

“ЕАЭБ Агроиндустрия” картасы   үч бөлүктөн түзүлүүшү болжолдонууда:

1) Агро өнөр жай чөйрөсүндөгү ишке ашырылган жана ишке ашыруусу пландаштырылган ири инвестициялык жана инновациялык долбоорлордун тизмеси;

2) Агро-өнөр жай өндүрүшүнө  көмөк көрсөткөн инвестициялык жана инновациялык долбоорлордун ишке ашыра алган  багыттары;

3)  Евразия жалпы агрардык базарында үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон же импорттун жогорку деңгээли байкалган айыл чарба продукциясынын жана азыктарынын тизмеси. Кошумча маалымат http://www.eurasiancommission.org/ru/nae/news/Pages/24-10-2019-2.aspx.

Показать текст
Close