Жаңылык

Айыл чарба техникаларынын лизинги боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектерин техника менен камсыз кылуу максатында министрлик тарабынан демилгеленип, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан кабыл алынган токтомдордун жана буйруктардын негизинде «Айыл Банк» аркылуу 6 кредиттик лизингдик долбоорлор дыйкандарга кызмат көрсөтүп жатат. 2019-жылдын 9 айына карата бардыгы болуп 3916,4  млн. сомго 2881 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, анын ичинен 2091 даанасы тракторлорду, 122 даанасы комбайндарды, 12 даана кайра иштетүү өнөр жайында колдонулуучу жабдууларды, 91 даанасы атайын техникаларды жана 585 даанасы чиркеме айыл чарба шаймандарын түздү.

2019-жылдын 1-октябрына карата фермерлерге 637,6 млн. сомго 284 даана айыл чарба техникасы лизингке берилди.

Показать текст
Close