Жаңылык

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Аймактык өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепетин азайтуу борбору менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып жатат

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинде ФАО долбоорунун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба секторунда кырсык коркунучтарын азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо үчүн дараметин күчөтүү” техникалык топтун кезектеги жыйыны 4 октябрьда Бишкек шаарында  өттү.

Долбоор Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  жана Аймактык өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепетин азайтуу борбору менен тыгыз кызматташтыкта ​​ишке ашырылып жатат.

ФАО, аймактык өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепетин азайтуу борборунун жана айрым министрликтердин өкүлдөрү долбоордун натыйжаларын атап айтканда, Ош облусунун Өзгөн районунда Кыргыз Республикасынын   сынамык аянттын мисалында ( негизинде) , айыл чарба тармагындагы өзгөчө кырдаалдардын жана табигый коркунучтардын таасирлерин, жарым жылдык отчеттун түзүлүшү жана мазмуунун талкулоого чогулушту.

Талкулоочу отчёт коомдук экономикалык өнүгүү жана социалдык коргоо үзгүлтүксүз отчётуна тиркеме болушу мүмкүн. Отчет айыл, токой, суу чарбаларына климат, өзгөчө кырдаалдардын, табигый коркунучтардын таасири жана келтирген зыяны тууралуу азыркы жана тарыхый маалыматтарды жалпы түрдө чогултуп, 4 бөлүмдөн жана түшүндүрмө каттан турат. Маалыматтар ар кандай булактардан чогулуп, ФАО тарабынын иштелип чыккан EarthMap тиркемеси аркылуу космостон жерди дистанттуу түрдө изилдөөлөрдүн негизинде алынган. Ошондой эле отчёт биринчи жолу өзгөчө кырдаалдарга аймактык административдик бөлүктөргө болгон таасири тууралуу карта менен камсыз кылат жана мындан ары автоматтуу түрдө Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат башкаруу системасында түзүлөт.

Отчёт Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар, Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана Кыргызстандын ООН Аймактык өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепетин азайтуу борборунун веб-сайттарына киргизилген.

Долбоор тууралуу кошумча маалымат боюнча  төмөнкү номерлерге кайрылыныздар:

Карина 0771 922 800;

Жылдыз Токтомаметова 0770 555 779.

Показать текст
Close