Маанилүү жаңылык

Ветеринардык факультетинин бүтүрүүчүлөрү диплом менен бирге ветеринардык жабдууларды алышты

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу дипломдору менен бирге 1000 АКШ долларлык кесиптик ветеринардык жабдууларды алышты. Буга байланышкан иш-чара 2019-жылдын 12-июлда болуп өттү. Жаш адистерди куттуктап жана аларга белектерди берүүгө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Ташболотов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов келишти.

Жалпысынан, 100 дөй студент баасы 100 миң АКШ долларын түзгөн ветеринардык жабдууларды алышты. Ветеринардык жабдуулар төмөнкүлөрдү камтыйт: хирургиялык жана акушердик инструменттер топтому, термоконтейнер, автоматтык шприц-дозатор, малдын туягын кесүүчү кычкач, электрондук термометр, резина өтүгү жана ветеринардык фартук.

Бул белектер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Мамлекеттик ветинспекциясы, КНАУ жана башка өнөктөштөр тарабынан ишке ашырылуучу “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1 жана – 2” долбоорлору аркылуу алынды. Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду жогоруда айтылган долбоорлорду каржылайт. Жалпысынан беш жыл ичинде бул долбоорлордун алкагында университетке 1,5 млн АКШ долларлык материалдык-техникалык жана консультациялык жардам көрсөтүлгөн.

2014-жылы биринчи болуп өлкөнүн алыскы аймактарынан келген студенттер окууга кабыл алынган. Кабыл алуунун негизги критерийлеринин бири, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жагдайлары болгон. Долбоорлордун эсебинен студенттердин окуу акыларынын төлөөлөрү каржыланган. Мыкты окуган студенттер ай сайын стипендия алып жатышты.
Өндүрүштүк практиканы өтүү жана билимдерин жогорулатуу үчүн жакшыртылган шарттар түзүлгөн жана эл аралык жыйындарга катышуу уюштурулган. Белгилей кетүүчү жагдай, бул окуу программасы совет учурунан кийинки Кыргызстандагы билим берүү системасында новатордук тажрыйбалардын  бири болуп калды.

Студенттердин көпчүлүгү, алардын ичинде кыздар, окууларын жогорку жетишүүчүлүктөр менен аякташты. Окуулары бүтөр замат алар өз айылдарына барып кесиби боюнча иштеп башташат, – анткени студенттин, университеттин жана айыл аймактын ортосунда кол коюлган келишимдин шарттары ушундай болгон. Алынган ветеринардык жабдуулар жаш адистердин иштеринин башталышына чоң көмөк берет.

Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин деканы Бекболсун Акназаров: Мындан тышкары, университеттин профессордук-окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу программасы колдоого алынган. Жаш илимпоздор Франция, Финляндия, Австрия, Испания, Россия, Казахстан сыяктуу башка өлкөлөргө барышып, чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашып келишкен. Университеттин материалдык-техникалык базасын жакшыртууда чоң жардам көрсөтүлүп, лабораториялык жабдуулар жана ар кандай реагенттер, автомобилдер сатып алынып, компьютердик класстар толук жабдылып, ветеринардык факультеттин стенддери жаңыланды.

Университеттин базасында түзүлгөн электрондук китепкана иштеп жатат. Бул китепкана аркылуу студенттер чет өлкөдө басып чыгарылган заманбап илимий адабияттарды окуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Анда жайгашкан материалдарды Интернет аркылуу дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда колдонууга болот.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Ташболотов: Айыл чарба министрлиги мал чарбачылыгын камтыган мамлекеттик агрардык өнөржай саясатын жүзөгө ашыруу менен бирге, өлкөнүн азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугун жакшыртууга болгон аракетин жумшоодо. Ошондуктан буга катышкан бардык мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү өтө маанилүү болуп эсептелет. Биргелешип  аракеттенүүнүн аркасында биз мал чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүдө жана жаныбарлардын ден соолугун жана саламаттыгын сактоодо илгери кадам таштайбыз деген ишенич бар.

Показать текст
Close