Маанилүү жаңылык

Карабалта мамлекеттик спирт заводу иштеп баштайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 2014-жылдан бери иштебей калган  мамлекеттик ишкана “Карабалта спирт заводун”  кайрадан иштетүү  жана алкоголь азыктарын экспортоо потенциялын жогорулатуу максатында инвестиция тартып  иш чара өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Россия Федерациясынын ААК «Татспиртпром», ЖЧК «Балыкчы Алко Трейд», жетекчилери менен жолугуп, Малекеттик иш кана «Карабалта спирт заводунун»  жандандырууну талкуулашты.

Жолугушууда үч ишкананын жетекчилери айыл чарба азыктарын  кайра иштетүү, спиртти өндүрүү, экспортоо жана биргеликте кызматташуу  боюнча келишимге кол коюшту.

Мамлекеттик иш кана «Карабалта спирт заводу» спиртти өндүрүп , «Балыкчы Алко Трейд» жоопкерчилиги чектелген компаниясына өткөрөт, бул компания өндүрүлгөн азык  түлүктөрдү ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнө экспорттойт. Россия Федерациясынын «Татспиртпром» ачык акционердик компаниясы каржылоо менен үч ишкана биргеликте келишим түздү.

Мамлекеттик ишкана «Карабалта спирт заводу»  ишке кирсе 155 кишиге жумуш орун түзүлүп, 5 жылга 155 ийри мүйүздүү малга тоют өндүрүп чыгаары эсептелген. Ал эми жылына 5 гектардан,15 га чейин дан эгиндеринин аянты көбөйөт. Ишкананын 5 жылдык налогу 360 млн сомду түзөт. Өндүрүлгөн азык-түлүктүн 90% экспорттолуп, 10% ички керектөөгө каралган.

Показать текст
Close