Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2008 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бугу айынын 7

Өлкөдө экспортко чыгарууга жарактуу 5019,0 тонна картошка бар

2019-жылдын 7-майына карата өлкө боюнча карошканын калдыгы 6692 тоннаны түзөт. Алардын ичинен экспортко чыгарууга жарактуусу 5019 тоннаны түзөт.

Жалпы 6692 тонна калдыктын басымдуу бөлүгү Ыссык Көл облусунда 3185,3 тонна, Нарын облусунда - 2440 тонна ал эми Ош облусунда - 1066,7тонна картошканын калдыгы бар.

Кененирээк
Жаңылык Бугу айынын 6

2018-жылы бруцеллез менен ооруган адамдардын саны 227 адамга азайган

2018-жылы Кыргызстанда адамдардын бруцеллез менен оорусу 227 адамга азайган. Эгер 2017-жылы бруцеллезго чалдыккан адамдардын саны 1014 болсо, 2018-жылы бул сан 787 ге чейин төмөндөгөн.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана анын өнөктөштөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, А.Дүйшеев атындагы Ветеринардык институту жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун башталышы менен ооруга чалдыккандардын санынын төмөндөөсү байкалган.

Кененирээк
Жаңылык Бугу айынын 3

Кыргыз азык түлүктөрү Кытай базарына чыгат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелторация министрлиги Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарынын жанындагы Яньчин облусунда эл аралык Экспо-2019 жарманкеге катышты.

Бул көргөзмө эки өлкө ортосундагы эл аралык экономикалык жана маданий алмашуу үчүн шарт түзөт.

Бул жагынан алып караганда, Кыргызстанда өндүрүлгөн ар кандай төмөндөгү азыктары көргөзмөгө коюулду.

Уун, макарон, спирт ичимдиктери, суусундуктарды, бал, кургатылган мөмө-жемиш, буурчак жана экспортко багытталган буюмдардын башка түрлөрү.

“Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелторация министрлиги Экспо-2019 көргөзмөдө эң жакшы ата-мекендик айыл чарба азык-түлүктөрдү көсөтүүдө, Кыргызстандын азыктары органикалык табигый экологиялык таза дүйнөдөгү Кытайдын эң чоң базарларына чыгарышыбыз керек” деди министр Н.Мурашев.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 29

Нидерланд колдонмо илимдер мамлекеттик университетинин (HAS) студенттери Органикалык айыл чарба департаментинде иш чарага катышты

 

2019-жылдын 26-апрелинде Нидерланд колдонмо илимдер мамлекеттик университетинин (HAS) студенттери үчүн Кыргызстанда уюштурулган “Стади-тур” иш чарасынын бир күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинде өттү.

Студенттер бир күн бою Департаменттин Эксперименталдык биофабрикасында болушуп, ал жердеги өндүрүштүк иштер менен кызыгуу менен жакындан таанышып, адистер менен пикир алмашууга жетишишти.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 25

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ИФАД менен биргеликте жаңы айыл чарба долбоорун иштеп чыгууда

 

“Мал чарбалардын туруктуулугу” жаңы долбоорунун дизайнын иштеп чыгуу максатында Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (ИФАД) өкүлдөрү Кыргызстанда болушту.

Долбоордун милдети малдын ден соолугун жана азыктуулугун, жайыттардын абалын жакшыртууну, ошондой эле мал чарба жамааттарынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөөнү көздөйт.

Миссиянын курамына Миссиянын жетекчиси Анара Джумабаева; институционалдык жана жамааттык өнүктүрүү адиси Джунко Накой; финансылык башкаруу адиси Бианка Джансе Ван Вурен; агробизнес боюнча адис Инна Пунда; ИФАДдын Кыргызстандагы жетекчисинин жардамчысы Карим Сиссоко; ИФАДдын мал чарбачылыгы боюнча жетектөөчү адиси Антонио Рота; ИФАДдын айлана-чөйрө боюнча адиси Оливер Мунди; ИФАДдын мал чарбачылыгы боюнча адиси Дэвид Ворд; ветеринар Жолдошбек Дадыбаев; токой чарба адиси Майлс Мак Донкада; токой чарбасы боюнча жергиликтүү адис Азамат Исаков; экономист Кайрат Нажмиденов; финансылык аналитик Хафиз Акбергенов кирди. ИФАДдын Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси Микаэль Каутту жалпы жетекчилик жүргүздү.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 24

Мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын

вегетация мезгилине даярдоо боюнча 2019-жылдын 24-апрелине карата

М А А Л Ы М А Т

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 178,4 млн.сом каралып, 2019-жылдын 22-апрелине карата 174,5 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, коюлган 178,4 млн.сомдук план-тапшырманын 98 % түздү.

- 381,0 км каналдар оңдолуп, план боюнча 385,7 км, же 99 %; 

Кененирээк

[пред]  [1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]  [37-42]   ...   10   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу