Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 22

Айыл чарба продукциясынын продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы кабыл алынды

 

Айыл чарба продукциясынын рыногун өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнунда №321 токтому менен Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы кабыл алынган.

Ушул Программанын максаты атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын көбөйтүү жолу менен айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо саналат.

Ушул Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыздайт:

- ата мекендик товарлардын атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу;

- дыйканчылык айыл чарба продукцияларын жыл бою өндүрүүнү өнүктүрүү жана өстүрүү (күнөсканалар жана оранжереялар);

- айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларын ички жана тышкы рынокко жеткирип берүү көлөмүн кеңейтүү;

- айылдыктардын жумуш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу жана жаңы жогорку технологиялуу жумуш орундарын түзүү.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу