Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 16
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба министрлиги Таза-Жан”  адистештирилген үрөнчүлүк чарбасында семинар өткөрдү

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында жайгашкан Таза-Жан”  адистештирилген үрөнчүлүк чарбасында инновациялык технологиянын алдыңкы ыкмаларын колдонуунун эсебинен айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча Республикалык семинар өткөрдү.

 Республикаслык семинарга Кыргыз Республикасынын Премьер минимстри М.Абулгазиев, Айыл чарба министри Э.Чодуев, министрликтин адистери, Жергиликтүү башкаруу органдарынын тиешелүү өкүлдөрү, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары жана 7 облустун райондорунан келген дыйкандар –фермерлер катышты.

Семинардын жүрүшүндө Айыл чарба техникалары, чанактуу өсүмдүктөрдүн таза сапаттуу үрөндөрү, техникалык шаймандар жана өсүмдүктөрдүн органо минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдүн зыянкечтерден коргоочу химикаттар көргөзмөгө коюлду.

 Айыл Банк аркылуу дыйкандарга Белорусия, Германиядан лизингке 4 комбайн берилди.

Иш чаранын жүрүршүндө  айыл  чарба адистери өсүмдүктөрдү өстүрүү,  сугат сууну туура пайдалануу, отоо чөп менен күрөшүү жана башка темаларда презентацияларды окуп, дыйкандарга түшүндүрмө беришти.

Жыйынтыгында дыйкандар суроолорду берип, жеткиликтүү жоопторду алышты.

Кошумча маалымат:

Чарбанын үрөндү жана данды кабыл алып, тазалап, сактоо боюнча эки кампасы бар.  2500 га ашык  айыл чарбалык жер аянты бар. Учурда райондогу 18 айыл өкмөттүн 10 жер ресурстары менен пайдаланат. Өткөн жылы 1980 га жер аянтына – 330 га кант кызылча, 650 га дандык жүгөрү, калган 900 га  дан эгиндери жана  көп жылдык чөптөр себилген.   100 га жер аянтына  үрөндүк дан эгиндер себилген.

2019-жылы чарба 750 га жерге дандык жүгөрү, 250 га кант кызылча, 1350 га кылкандуу дан эгиндерди септи.  575 га үрөндүк себүү аянттарына күздүк буудайдын жаңы сорттору  “Безостая-100”,   “Баграт”, “Еремеевка”, “Есаул”, ошондой эле жаздык буудайдын “Дарья” жана  жаздык арпанын “Вакула” сорттору себилди.  элита жана биринчи репродукциялары гектарына 200-250 килограмдын ордуна  120-160 килограмдан себилди.

 Чарба тарабынан Россия, Краснодар, Воронежден жана Ставрополдон жалпы суммасы 1,5 млн.сомго 45 тонна буудайдын жогорку элита репродукциядагы үрөндөрү алынып келинди.

         Үстүбүздөгү жылы эсеп боюнча талаа инспекциясынан өткөрүлүп  жана сертификацикатталган кылкандуу дан эгиндеринин 2,5 миң тоннадан кем эмес көлөмдө  үрөндү өндүрүүнү күтүп жатабыз.

 

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу