Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Октябрь, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык тогуздун айынын 4

Тренинг-семинар өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө

 

Суу ресурстары жана инновациялык технологиялар сектору ОО «АгроЛид» консультациялык компаниясы, ФАО долбоору менен биргеликте 2019-жылдын  7-октябрында “Күнөскана чарбасы”   темасында бир күндүк тренинг семинар өткөрүү мерчемделүүдө (мындан ары  -  семинар). Семинар  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кичи залыннда өтөт.

Кененирээк
Жаңылык тогуздун айынын 2

Алкоголдук продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамакаш-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын өндүрүүсүн жана жүгүртүүсүн жөнгө салуу жана контролдоо башкармалыгы маалымдайт.

Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын өндүрүүсүн жана жүгүртүүсүн жөнгө салуу жана контролдоо башкармалыгы тарабынан тузулгөн комиссия, курамында: Кыргыз Республикасынын Окмотунө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы курөшуу боюнча мамлекттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы

Кененирээк
Жаңылык тогуздун айынын 1

Кыргызстанда заманбап прогрессивдүү технологияларды жайылтуу боюнча семинар өткөрүлдү

 

2019-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу ресурстары жана инновациялык технологиялар сектору, Кыргызстан жер пайдалануучулар жана токой пайдалануучулар ассоциациясы менен биргеликте “Климаттын өзгөрүү шартында жерди заманбап системалардын жана прогрессивдүү технологиялардын негизинде эффективдүү пайдалануу”  темасында бир күндүк теоретикалык жана практикалык аймактык окуу семинар  өткөрүлдү.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 30

2019-жылдын 27- сентябрында сертификаттоого 2 аталышта ветеринардык дары келди жана шайкештик сертификаты берилди

 

Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо Борборуна 2019-жылдын 23- сентябрынан 27- сентябрына чейин сертификаттоого 2 аталышта ветеринардык дары келди жана шайкештик сертификаты берилди: Мазь цинковая, крем «Зорька» с флорамицином 200гр.

Мазь цинковая – даарысы жаныбарлар үчүн, жумшартуу жана коргоо үчүн колдонулат. Мындан сырткары антисептикалык, кургатучу күчкө ээ. Мазь жарааттагы эксудат суюктугун бөлүп чыгарууну азайтат. Мазь цинковая экземаны, дерматитти, пиодерма, күйүктү дарылоодо колдонулат. Мазьды бүлүк дарылар менен бирге колдонууда зыяндуулугу жок.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 27

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаменти 2019-жылдын 27-сентябрында ООО «EURO CHEM GROUP» орусиялык компаниясынын өкүлү жана жер семирткичтерди ташуучу Кыргыз ассоциациясынын жетекчиси (КАПУ) Акунбеков Э.А  менен жолугушуу өткөрдү. 

Республикага 2020-жылга карата  жазгы талаа иштерине төлөмүн 5-6 ай кечиктирүү менен азот  жер семирткичин алып келүү маселелери каралды.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 27

Ыссык-Көл жана Нарын областарына айыл чарбаны өнүктүрүүгө берилген инвестициялардын натыйжалары

 

2019-жылынын 23-сентябрында Арал айылында “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун аякташы боюнча Координация жана эксперттик колдоо тобунун жыйынтыктоочу отуруму өттү. Долбоор 2013-жылы башталып, 2019-жылдын 30-сентябрында аяктайт.

Долбоордун иш-чаралары Ыссык-Көл, Нарын облустарында (125 айылдык аймак) жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда (5 айылдык аймак) жүргүзүлдү. Өлкөнүн бардык аймагында бруцеллез жана эхинококкозду көзөмөлдөө программалары ишке ашырылды.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 27

«Евразия интеграцияларынын өнүгүүсүнүн азыркы тренди катары  ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү агро өнөр жай комплекси жана өнөр жайынын долбоорлорунун

биргелешкен программасы»

 

2019-жылынын 26 сентябрында «Евразия жумалыгы» экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери «Евразия интеграцияларынын өнүгүүсүнүн азыркы тренди катары  ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү агро өнөр жай комплекси жана өнөр жайынын долбоорлорунун биргелешкен программасы» панелдик сессиясына катышышты, сессияда   Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Исаев Амангелди Сапарбекович саламдашуу сөзүн сүйлөдү.

Кененирээк
Жаңылык аяк оона айынын 26

Урматтуу дыйкандар 29-сентябрьдан 30-сентьябрьга чейин, өлкө аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Тоолуу райондордо үшүк жүрүп, катуу жамгыр жаап, карга айланаарын кыргыз гидромет эскертет. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги түшүмдөрдү оруп, жыйноо иштерин тездетип, баардык чараларды ыкчам түрдө көрүүңүздөрдү өтүнөт.

Кененирээк

[1-8]  [9-16]  [17-24]  [25-32]  [33-40]  [41-48]   ...   9   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу