Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 5
1144953 3 2x

Айыл чарба министрлиги Голландия мамлекети менен айыл чарба багытында кызматташат

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилигинин статс катчысы М. Ташболотов   Алматы шаарындагы Голландиянын Экономикалык офисинин башчысы Фредерико Олтхоф менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө,  Статс секретарь М.Ташболотов өз сөзүндө  Голландия ишкерлери менен айыл чарба багытында кайра иштетүү, сапаттуу үрөн жана иригация тармагын жакшыртуу максатында, ошондой эле асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү багытында кызматташуу сунушун билдирди.

Жолугушуунун негизки максаты, Кыргызстандын жана Голландиянын ишкерлеринин  бизнес форумуна катышуу. Фредерик Олтхоф бизнес форумга Голландиядан 23 компания катышарын билдирди.  Бизнес форумдун максаты эки өлкөнүн ортосунда айыл чарбасын өнүктүрүү максатында тыгыз кызматташуу.

Мындан 5 мунда Голландияда бизнес форуму өткөрүлгөн. Бул бизнес форум эки өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө жакшы натыйжасын берет деген үмүттөмүн деди Фредерик Олтхоф.

Жолугушуунун жыйынтыгында, үстүбүздөгү жылдын, болжол менен октябрь айында Бишкек шаарында бизнес форум өткөрүүнү макулдашышты.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу