Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 1
1144953 3 2x

2019-жылдын 1-июлуна карата Республикада айыл чарба субьектилеринде оруп жыйноо жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымат

 

Бүгүнкү күндө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарында өсүмдүктөргө вегетациялык сугаруу менен катар аралык иштетүүдө өзгөчө кант кызылчасына жана пахтага акцент жасалып, вегетациялык сугаруулар жүрүүдө. Ошондой эле зыянкечтерге, ооруларга жана отоо чөптөргө, өзгөчө зыяндуу чегирткеге жана америкалык ак көпөлөккө каршы күрөшүү боюнча агротехникалык иштер жүргүзүлүүдө.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн вегетациялык сугаруу. 
Кыргыз Республикасынын айыл чарба,тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин суу сактоочу жайларында отчеттук мезгилге карата 858,0 млн. м3 көлөмдө суу топтолгон.
Баардык облустарда айыл айыл чарба өсүмдүктөрүнө сугат жүрүгүзүлүп жатат.
2019-жылдын 24 – июнуна карата жалпысынан сугатка – 1641,7 млн.м3 суу берилип план 73 % аткарылган. Берилген суу менен – 1075,9 миң гектар аянты сугарылып, план 73 % аткарылган. Сугарылган 1075,9 миң гектардын ичинен ным топтоо сугаты менен 196,5 -миң га, биринчи сугат менен 749,2 миң гектар, экинчи сугат менен 130,2 мин.гектар сугарылган. 
Өзгөчө сугат сууну рацианалдуу пайдаланууга көңүл бөлүү менен, ошол эле убакта суунун берилишине жана чыгымына көзөмөлдөө күчөтүлүүдө. Ошону менен бирге, сугат суунун башка кошумча булактарын киргизүү менен иштебей жаткан скважиналарды оңдоп ишке киргизүүгө көңүл бөлүнүүдө.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн отоо чөп, оорулары жана зыянкечтер ошондой эле чегиртке зыянкечтер менен күрөшүү: 
Быйылкы жылы аба-ырайы республиканын бардык аймагында жаз мезгилинде, ошондой эле жай айында-июнда жаан-чачындуу болду. Бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аяттарында массалык түрдө отоо чөптөрдүн пайда болушуна алып келди.
Жыйынтыгында республика боюнча гербицид менен отоо чөптөргө каршы-188,1 миң га аянты иштетилди, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 117,7 миң га аянтка көп. Гербицид менен иштетүү бардыгынан көп күздүк дан өсүмдүктөрүнүн аянтына туура келди - 79,7 миң га, ошондой эле жаздык кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн аятына - 22,8 миң га. 
Ошону менен бирге, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулары жана зыянкечтери менен күрөшүүдө, жалпы республика боюнча-113,6 миң га аянтка жүргүзүлдү, же өткөн жылга салыштырмалуу 13,8 миң га аянтка көп.
Чегиртке зыянкечтери менен күрөшүүдө - 81,3 миң га аянтка изилдөө жүргүзүлдү, анын ичинен 64,8 миң га аянтка химиялык иштетүүгө тийш, мунун ичинен Жалал-Абад облусуна- 30,7 миң га, Нарын облусуна-15,3 миң га, Ош облусуна-10,55 миң га, Баткен облусуна-3,5 миң га, Чүй облусуна-4,5 миң га түзөт.
Жалал-Абад облусунда чегиртке зыянкечтерине каршы күрөшүү жумуштары аяктады. Ал эми Нарын облусунда-6079 га, Ош облусунда 800 га, Чүй облусунда 2800 га жана Баткен облусунда 300 га калды. 
Айыл чарба техникаларынын даярдыгы жана күйүүчү майлоочу материалдардын камсыздалышы. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштерине катышуучу техникаларды оңдоо боюнча даярдыктар аяктоодо. Алсак, республикада колдо бары 2306 даана дан оруп жыйноочу комбайндардын 1571 даанасы оң абалда, же 68 % түзөт. Анын ичинен Баткен, Талас, Ош жана Чүй облустарынын чарбаларында колдо бар дан-оруп жыйноочу комбайндардын 88-92 пайызы оң абалда болсо, Жалал-Абад облусунда 51,0 пайызы, Нарын, Ысык-Көл облустарынын чарбаларында даярдыгы 39-45 пайызы даяр болгон.
Мындан тышкары, республика боюнча тракторлордун даярдыгы- 90%, трактордук чөп чапкычтар- 79%, трактордук чөп тырмоолор-86%, чөп таңгактагычтар-82 %, трактордук чиркегичтер-90 % жана дан-эгин тазалоочу машиналар-81% түзөт. 
Ошону менен бирге бардык облус, райондордо дан сактагычтарды жана складдарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Айыл чарба техникаларынын лизингинин долбоорлору боюнча быйылкы жылы фермерлерге 159 даана айыл чарба техникалары берилди.
Республиканын оруп жыйноо иштерине карата бардык нефтебазаларында жана май куюуучу бекеттеринде дыйкандарга жеткиликтүү баада болгон күйүүчү майлоочу материалдар бар. 6,5 миң тонна дизелдик отун бар же керектелүүчүгө карата 20,0 % түзөт. Орточо баасы 43,7 сом/литр түзөт. Автобензин – 2,5 миң тонна же 25%, орточо баасы 39,5 сом/литр түзөт.
Жеңилдетилген акчалай насыялар. Республикабыздын айылдык товар өндүрүчүүлөрүнө мамлекеттик колдоо максатында “Айыл чарбаны каржылоо-7” программасы боюнча “Айыл Банк” ААК, “РСК-Банк” жана башка коммерциялык банктары аркылуу 2019-жылдын 28-июнуна карата 4 млрд. 638 млн. 347,3 миң сомго 9560 жеңилдетилген насыялар берилген, анын ичинен 692 чарба субьектилери кепилдик койбой эле 84 млн. 437,0 миң сом акча каражатын алышкан. “Дыйканчылык” программасы боюнча 1,0 млрд. 8 млн. 794,9 миң сом акча каражатына 2668 жеңилдетилген насыя берилген, “Мал чарбасы” программасына – 2 млрд. 566 млн. 568,1 миң сомго 6642 жеңилдетилген насыя, ал эми айыл чарбасын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү” программасына - 962 млн. 984,4 миң сомго 250 жеңилдетилген насыялар берилди.
Оруп жыйноо иштери жөнүндө. Учурда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чарбалык субъектилери тарабынан кылкандуу дан эгиндеринин массалык оруп жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Ал эми Чүй облусунда кылкандуу данды оруп-жыйноо иштерине жаңы эле киришти.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыкчам билдирүүлөрүндө облустарда, 2019- жылдын 28 – июнуна карата жалпысынан 6,3 миң га кылкандуу дан эгиндеринин айдоо аянттары жыйналып, баардык аянттардын 1,4 % түздү, же былтыркы жылдын денгээлинен 1,9 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк 30,9 ц/га болууда, бул былтыркы жылга караганда 2,6 ц/га көп, дүң жыйым-19,4 миң тоннага жетип, былтыркы жылдын денгээлинен 6,9 миң тоннага көп.
Анын ичинен буудайдын 3,3 миң га аянты, же жалпы аянттан 1,4 % жыйналды.Орточо түшүмдүүлүк 36,3 ц/га жана былтыркы жылдан 3,6 ц/га көп болуп, буудайдын дүң жыйымы 12,0 миң га түзүп, былтыркы жылдан 3,8 миң тоннага көп болууда. 
Ал эми арпанын 3,0 миң га аянты, же 1,5% жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 1,1 миң гектарга көп, орточо түшүмдүүлүк 24,9 ц/га болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 ц/га көп, дүң жыйым 7,4 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдан 3,1 миң тоннага көп.
Республиканын облустарынын ичинен буудайдын түшүмдүүлүгү эң жогору түшүмдүүлүккө Жалал-Абад облусу жетишип, ар бир гектарынан 40,0 ц/га түшүм алышып, же былтыркы жылдан гектарынан 4,5 центнерге көп болууда.
Арпанын жогору түшүмдүүлүгү Чүй, Жалал-Абад облустарында жогоруу болуп, ар бир гектарынан 24,8-28,8 ц/га түзүп, же былтыркы жылдан гектарынан 2,4 жана 6,3 центнерден көп алынууда.
Райондор боюнча буудайдын түшүмдүүлүгүнүн эң жакшы көрсөткүчү Ноокен жана Кара-Суу райондорунда байкалды, жана орточо 38,0-32,9 ц/га болду. Ал эми арпа боюнча Кадамжай жана Сузак райондору өзгөчөлөндү 37,6 жана 31,7 ц/га жетти. 
Кылкандуу дан эгиндерин жыйноо менен катар республиканын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын дыйкан фермерлери картөшкөнү казуу жана жашылча, бахча, мөмөлүү өсүмдүктөрүн жыйноо иштерин жүргүзүшүүдө.
Республика боюнча картөшкө -2,4 миң га жыйналды, сунушталган түзүмгө карата 3,0 % түзүп, 2018 жылга карата 0,1 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 159,2 ц/га, же өткөн жылга карата 0,8 ц/га көп. Дүң жыйым 38,0 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 0,9 миң тонна көп.
Жашылчалар 65,4 миң тонна жыйналып, былтыркы жылдан 4,3 миң тоннага көп. Ал эми бахча өсүмдүктөрү 26,0 миң тонна жыйналып, 2018-жылдан 2,0 миң тоннага көп болууда. Ошондой эле мөмөлүү жемиштер 650,5 миң тонна жыйналып, 2018-жылга караганда 70,2 миң тоннага көп жыйналды.

 

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу