Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Кулжан айынын 25
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Быйыл 61 910 га жер аянты зыянкеч чегирткелерге каршы  химиялаштырылды

 

2019-жылдын 25-июнь күнү Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айыл аймагында  Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун «Афганистан, Таджикистан жана Кыргызстанда зыяндуу чегиртке менен күрөшүүнү жакшыртуу» долбоорунун негизинде  КРнын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаменти  БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму менен биргеликте пресс тур өткөрдү.

Иш чаранын негизги максаты – бул Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаменти менен  БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун жайыттарды жана айыл-чарба өсүмдүктөрүн коргоо боюнча жасап жаткан иштерин кеңири чагылдыруу.

Маалымат үчүн;  Республикабызда зыянкея  чегиртке айыл-чарба өсүмдүктөрүнө , экономикага, социалдык абалга коркунуч туудуруп келет. Климаттын жылышы менен саранча көбөйүп,  жылдан-жылга мурда чыкпаган региондордо пайда болууда. 2017-2018 жылдары республикабызда  зыянкеч чегирткелердин массалык каптоосу болгон. 2017-жылы өлкө аймагы боюнча 106 979 га жер химиялаштырылса, 2018-жылы 146 034 га жерге химия заттары чачылган. Айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо боюнча 13.06.2018жылы өзгөчө кырдаал жарыяланган. 

2017-жылдан бери саранчанын массалык каптоосу Орто Азиянын көптөгөн мамлекеттеринде катталып келет, окумуштуулардын айтымында мындай абал 4-6 жылга чейин созулушу мүмкүн.

2019-жылдын 21-июнуна карата республика боюнча  61 910 га жер аянты химиялаштырылса, Жалал-Абад боюнча 30 670 га, Ош аймагында 9 750 га, Баткенде – 3 500 га, Нарын облусунда – 11 760 га, Чүй облусунда – 6 230 га жер аянттарына химиялык заттар чачылды.

Учурда  Нарын, Талас жана Чүй облустарында Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин кызматкерлери тарабынан  зыянкечтерди жок кылуу иш чаралары жүрүп жатат. 

«Химиялык заттарды чачуу бардык эле убакта боло бербейт, күндүн температурасы 25тен ашканда чачууга болбойт, шамалга карап чачабыз. Химиялык заттарды чачууга эң ылайыктуу убак бул  эртең менен саат 5:00 дөн – 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн – 23:00 гө чейин. Көбүнчө ошол убакта чачууга аракет кылабыз, кээде күнү-түнү  дебей көзөмөл кылууга туура келет» - дейт зыянкечтерге каршы  күрөшкөн  департаменттин кызматкерлери.  

 

 

 

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу