Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Кулжан айынын 17
1144953 3 2x

Жайыттардагы карагандыны жок кылуу иш чаралары жүрүүдө

 

2019-жылдын 17-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жана министрликтин адистери менен биргеликте  Суусамыр өрөөнүндө жайыттарды каптап жаткан карагандыны жеринен көрүп, алдын алуу боюнча эксперменттик иштер менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө, жайыттарды каптап жаткан карагандыны техниканын жардамы менен жана химиялык заттарды колдонуу  жолдору аркылуу эксперменттик иштер аткарылган. Техниканын жардамы менен тамырларын казып алганда, толук тамыры алынган эмес. Тамыры терең болгондуктан техниканын соколору сынып көп чыгымга алып келген. Химиялык заттарды колдонууда жакшы натыйжа берген. Бул химиялык дары башка чөп бадалдарга зыян алып келбейт. Карагандыны кууратып өсүп, көбөйүүсүнө бөгөт коёт.

Иш-сапардын жүрүшүндө, Министр Э.Чодуев министрликтин тиешелүү адистерине, карагандыны алдын алуунун ыңгайлуу жолун аныктоону жана ыкчам күрөшүүнү тапшырды.

Жергиликтүү малчылар, “Караган тикенек өсүмдүк болгондуктан мал жебегенин айтышып,  жок кылып берүүнү суранышты”. Дем алуу күнүнө карабай кабар алып баргандыгы үчүн, министрге ыраазычылык билдиришти.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу