Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Кулжан айынын 14

2019-жылдын 1-июнга карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

 

Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим саясатын өнүктүрүү, бөлүмү, 2019-жылдын 1-июнга карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат сунуш кылат.

Эт өндүрүү. 2019-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 149,0 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 2281 тоннага, же 1,6 пайызга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51862  башка көбөйгөн, кой жана эчкинин саны – 90174 башка, жылкылардын саны – 17355 башка жана үй канаттуулардын саны 99279 башка көбөйгөн.

Белгилей кетчү нерсе 2019-жылдын январь-май айында республиканын бардык облустарында, 2018-жылдын ушул мезгилине карата эт көбүрөөк өндүрүлгөн. Ош облусунун Ноокат районунда эт өндүрүү 143,6 тоннага азайган же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 97,0 пайызды түздү. Ушул райондо эт өндүрүүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби 2018-жылдын аягына карата мал санак жүргүзүүнүн маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны 1159 башка жана эчкилердин саны 6623 башка азайгандыгы болуп эсептелинет.

Сүт өндүрүү. 2019-жылдын январь-май айында республика боюнча 559,2 миң тонна сүт өндүрүлдү, 13808 тоннага, же болбосо 2,5 пайызга былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү уйлардын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 22800 башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилинде республикада 232472 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылга салыштырмалуу 10270 миң даанага же 104,6 пайызга көбүрөк болгон.

Жумуртка өндүрүү бардык республиканын облустарында өсүүдө, Чүй облусунан тышкары, ал жерде жумуртка өндүрүү 3187 миң даанага төмөндөшү байкалат же өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 97,7 пайызды түздү. Чүй облусунда Сокулук жана Чүй райондорунда жумуртка өндүрүүнүн өсүү темпи 94,2 жана 68,5 пайызды түзгөнү байкалат өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу. Бул райондордо жумуртканын өсүү темпинин төмөндөшүнүн эң негизги себеби Сокулук районунун “Сокулук” жана Чүй районунун “Искра” канаттуулар фабрикаларында мекиян тоокторун сатып жибергендигине байланыштуу болду.

Жалпы республика боюнча жумуртка өндүрүүнүн көбөйүшү үй канаттуулардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 151618 башка өсүшү менен байланыштуу.

Производство шерсти. По состоянию на 1 июня 2019 года в республике произведено 5614,9 тонн шерсти, что составляет к соответствующему периоду прошлого года 102,4 %. Во всех областях республики наблюдается рост темпа производства шерсти. Наибольший темп роста производства шерсти наблюдается в хозяйствах Иссык-Кульской (119 %) и Таласской (105,5 %) областях. Кампания по стрижке овец в республике продолжается.

Жүн өндүрүү. 2019-жылдын 1-июнуна карата республика боюнча 5614,9 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,4 пайызды түздү. Республиканын бардык облустарында жүн өндүрүүнүн өсүү темпи жогору болгондугу байкалат. Жүн өндүрүү өсүү темпинин эң жогорку көрсөткүчү Ысык-Көл (119 пайыз) жана Талас (105,5 пайыз) облустарында байкалат. Республикада жүн кыркуу кампаниясы улантылууда.

 

 

 

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу