Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Кулжан айынын 13
1144953 3 2x

Кытай ишкерлери Кыргызстанга агро парктарды курууга кызыкдар экенин билдиришти

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, “Хара Кытай эл аралык” компаниясынын өкүлү Гао Цзюнь менен жолукту. 
Жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба азык түлүктөрүн (алча, коон, ун) Кытайга экспорттоо, импорттоо жана азык түлүктөрдү узак убакытка сактоочу чоң көлөмдөгү муздаткыч, кайра иштетүүчү иш-каналарды куруу тууралуу талкуу болду. 
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Э.Чодуев өз сөзүндө, “Быйыл кокон гилас, коон жана унду сатууга келишим түзүүдөбүз. Мындан ары мөм-жемиштерден өрүк, жүзүм, жана төөбуурчак ошондой эле кургатылган сүттү экспорттоого пландап жатабыз”, -деди ал.
Кытай тарап Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрү табигый жактан сапаттуулугун баса белгилеп, алма, кара өрүк, жүгөрү, кум шекер жана башка азык түлүктөрдү да сатып алууга кызыктар экенин айтып, Кыргызстанга агро парктарды куруп айыл чарба багытында тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу