Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Июль, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Кулжан айынын 10
1144953 3 2x

Суу чарба жана мелиорация департаменти 2019- жылдын 5-айындагы сугат иштеринин жүрүшү тууралуу коллегиясы өттү

 

Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Суу чарба жана мелиорация департаментинин 2019-жылдын сугат мезгилине мамлекеттик ирригациялык объектилерди даярдоо боюнча жана 2019- жылдын 5-айындагы сугат иштеринин жүрүшү тууралуу коллегиясына катышты. Ирригациянын өнүктүрүү Мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында республикалык бюджеттен суу чарба объектилерин куруу боюнча 2019-жылга 350,0 млн.сом мерчемделип, 2019-жылдын 1-июнуна карата 190,0 млн.сом каржыланды. 2019-жылдын 1-июнуна карата «капиталдык салымдар» боюнча 221,0 млн.сомдук курулуш иштери аткарылып, анын ичинде 4 объектиде 183,0 млн.сомдук курулуш иштери жүргүзүлүп, 38,0 млн.сом долбоорлорду иштеп чыгууга жумшалды. 24-майында “Баш-Кууганды дарыясынан Нарын облусунун Жумгал районунун жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу” объектиси Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин катышуусу менен эксплуатацияга берилди. Башкы суу алуучу cуу тосмолорду, суу сактагычтарды, насостук станцияларды, суу сарыктырма тармактарын (КДС) жана башка суу курулуштарынын техникалык абалын өз убагында изилдеп чыгып ар бир курулуш боюнча аткарыла турган иштердин көлөмдөрү аныкталды, анын негизинде долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгып аларды аткаруу боюнча календардык графиктери такталды. Суу чарба объектилердин 2019-жылдын вегетация мезгилине даярдоо, оңдоо иштери бүткөндүгү боюнча: - Орто-Токой, Папан, Орто-Токой (Касансай) жана Киров суу сактагычынын башкармалыктары 2019-жылдын 1-апрелине карата; - Баткен, Ош, Жалал-Абад БСЧБнын башкармалыктары 2019-жылдын 10-апрелине карата; - Чуй, Талас БСЧБнын башкармалыктары 2019-жылдын 20-апрелине карата; - Ысык-Көл, Нарын БСЧБнын башкармалыктары 2019-жылдын 1-майына карата рапортторун тапшырышты; 2019-жылдын сугат сезонунун башталышына карата долбоор боюнча көрсөтүлгөн 1,5 млрд.м3 сугат суу топтолду. Азыркы учурда сугат тармактарында дарыялардагы суулардын чыгымынын жана суу пайдалануучулардан түшкөн өтүнмөлөрдүн негизинде сугат суусу берилип жатат. Суу пайдалануучулардын өтүнмөлөрүнүн негизинде жана суу берүү планы боюнча -297 Суу пайдалануучулар ассоциациясылары (СПА), -226 айыл өкмөтүнүн дыйкан чарбалары, -14 өнөр жай ишканалары жана -39 башка субъекттилер менен келишим түзүлүп, сугат суу берилүүдө.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу