Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2008 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Чын куран 9
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Министр Нурбек Мурашев Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолукту

 

2019-жылдын 9-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Девень менен жолукту.

Жолугушууда эки тарап Кытай жана Кыргыз Республикаларынын ортосундагы айыл чарба багытында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кытай элчиси айыл чарба багытындагы агро өнөр жай тармагында кызматташуу келечектүү экенин билдирди.

Министр Нурбек Мурашев өз сөзүндө, “Кытай  жана Кыргызстан мамлекеттеринин ортосундагы айыл чарба азыктарын ташуу үчүн транспорттук байланышты өнүктүрүп,  жашыл коридор түзүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле биздин Өлкөнүн  айыл чарба азык түлүктөрү экологиялык жактан таза экенин Кытай тарап билишет жана баалашат”.

“Биз 2018-жылы Кытай тарап менен  келишим түзүп, кокон гилас, коон сыяктуу продукцияларыбыз Кытайга жөнөтүлгөн.  Быйылкы жылдан баштап экспорттун  көлөмүн жогорулатууга аракет кылып жатабыз” – деди министр.

Эки тарап жолугушуунун аягында  айыл чарба боюнча долбоорлорду, азык-түлүктөрдү кайра иштетүү өндүрүшүн жана комплекстүү ветеринардык жана фитосанитардык лабораториянын курулушун кененирээк талкуулоону макулдашышты.

 

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу