Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бугу айынын 29
1144953 3 2x

Мал чарба азыктарынын кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү боюнча конкурс жарыяланды

 

“Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору 2019-жылдын 28-майынан тартып айыл чарба ишканалардын арасында мал чарба азыктарынын кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү боюнча конкурсун жарыяды. Эң мыкты катышуучулар үчүн гранттар, насыялар жана ар түрдүү окутуулар каралууда.

“Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорун КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ишке ашырат (мөөнөтү 2018-2023-жж.), ал Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (ИФАД - ООНдун атайын түзүлгөн агенттиги) тарабынан каржыланат. 

Конкурска мал чарба тармагындагы бардык чынжырчаларга колдоо көрсөтүлөт, бирок төмөнкүлөр артыкчылыктуу болуп эсептелет:

  • сүт продукциясы (сүттүн бардык түрлөрү – уйдун, койдун, эчкинин, бээнин);
  • кызыл эт жана эт продукциясы;
  • жүн (меринос койлордун, топоздун жүнү жана тыбыты);
  • бал жана бал челекчилик продукциясы.

“Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору тарабынан конкурстун эң мыкты катышуулары үчүн төмөнкү жардам каралууда:

- өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча заманбап технологияларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, фермердик чарбаларда окутууларды жүргүзүү жана алдыңкы тажрыйбаны көрсөтүү;

- банктар кабыл ала турган инвестициялык сунуштарды иштеп чыгуу;

- мал чарба тармагын каржылоо;

- кошумча нарк чынжырчаларындагы муктаждыктарды эске алуу менен мамлекеттик мекемелерди жана илим-изилдөө институттарын институционалдык чыңдоо; мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн платформаларды түзүү.

Конкурска жеке ишкерлер, кооперативдер, жоопкерчилиги чектелген уюмдар, ачык акционердик коомдор, жабык акционердик коомдор жана башка юридикалык уюмдар катыша алат.

Конкурска катышуу

Документтер Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнө (ОРСП) 4-июльга чейин жазуу түрүндө төмөнкү дарек боюнча тапшырылуусу зарыл: Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 а (Агропром имаратынын чыгыш тарапта жайгашкан бөлүгү):

Мирлан Айтказиев, долбоордун координатору, каб. 522, тел. (312) 66 27 62

Алмаз Тилекеев, эт боюнча кошумча нарк чынжырчасынын адиси, каб. 617, тел. (312) 62 46 38

Мирлан Самаков, сүт боюнча кошумча нарк чынжырчасынын адиси, каб. 617 (312) 62 46 38

Алмаз Каракожаев, айыл чарбасын каржылоо боюнча адиси, каб. 617, (312) 66 27 62

Ирена Байтанаева, коммуникация боюнча адиси, каб. 610 (312) 62 36 59

 

Документтерди жазуу түрүндө жеткирүү мүмкүн болбогон учурда, аларды төмөнкү электрондук почтага жөнөтсө болот: farmers2019@mail.ru

Ошондой эле, конкурстун эрежелери тууралуу брошюраны “Айыл чарба долбоорлору” Телеграм-каналынан жүктөп алсаңыздар болот  https://t.me/apiu2019.

       

                КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин

Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү

Кошумча маалымат үчүн коммуникация адиси Ирена Байтанаевага кайрылсаңыздар болот

                                                   Байланыш телефону: 623659, e-mail: irena@apiu.elcat.kg                                

 

ОРСПнын Интернеттеги баракчалары:

https://www.facebook.comИшке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу

https://www.facebook.com  – Доктор Азамат

https://www.youtube.com - Биздин видео

Телеграмм-канал:

https://t.me/apiu2019

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу