Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Чын куран 25
1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ИФАД менен биргеликте жаңы айыл чарба долбоорун иштеп чыгууда

 

“Мал чарбалардын туруктуулугу” жаңы долбоорунун дизайнын иштеп чыгуу максатында Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (ИФАД) өкүлдөрү Кыргызстанда болушту.

Долбоордун милдети малдын ден соолугун жана азыктуулугун, жайыттардын абалын жакшыртууну, ошондой эле мал чарба жамааттарынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөөнү көздөйт.

Миссиянын курамына Миссиянын жетекчиси Анара Джумабаева; институционалдык жана жамааттык өнүктүрүү адиси Джунко Накой; финансылык башкаруу адиси Бианка Джансе Ван Вурен; агробизнес боюнча адис Инна Пунда; ИФАДдын Кыргызстандагы жетекчисинин жардамчысы Карим Сиссоко; ИФАДдын мал чарбачылыгы боюнча жетектөөчү адиси Антонио Рота; ИФАДдын айлана-чөйрө боюнча адиси Оливер Мунди; ИФАДдын мал чарбачылыгы боюнча адиси Дэвид Ворд; ветеринар Жолдошбек Дадыбаев; токой чарба адиси Майлс Мак Донкада; токой чарбасы боюнча жергиликтүү адис Азамат Исаков; экономист Кайрат Нажмиденов; финансылык аналитик Хафиз Акбергенов кирди. ИФАДдын Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси Микаэль Каутту жалпы жетекчилик жүргүздү.

Миссия профилдик комитеттин башчысы жана парламенттин вице-спикери, көптөгөн министрликтердин, ведомстволордун жана коомдук мекемелердин жетекчилери, донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Миссия республиканын аймактарында агроөндүрүштөр, жеке ветеринарлар, Жайыт комитеттердин төрагалары жана башка жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Миссиянын өкүлдөрү айыл чарба чөйрөсүндөгү приоритеттүү маселелерди аныкташты. Бул маселелердин чечилишине жаңы долбоор тарабынан жардам берилиши күтүлүүдө. Миссия өз ишин аяктагандан кийин, Өкмөткө долбоорду иштеп чыгуу боюнча сунуштарын берет.

Долбоор үч компоненттен турат. “Токой жана жайыт экосистемасын туруктуу жамааттык биргелешип башкаруу” деп аталган биринчи компонент жайыттарды башкарууга жана токой ресурстарын жакшыртууга багытталган. “Тамак-аш системасынын коопсуздугун чыңдоо” экинчи компоненти коопсуз айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. “Аялдар жана жаштар үчүн климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк удаалаштыгы” үчүнчү компоненти аялдардын жана жаштардын экономикалык ишкердикке активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.

Беш жылга белгиленген жаңы долбоор республиканын бардык аймагында ишке ашырылат. Долбоордун башталышы 2020-жылдын аягына пландалууда.

Долбоор боюнча инвестициялардын жалпы суммасы болжол менен 60 млн АКШ долларын түзөт.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги КР Өкмөтүнүн атынан долбоорду башкарат.

 

ИФАДдын донордук жардамы тууралуу

Кыргыз Республикасы 1996-жылы ИФАДга мүчө болуп кирген, андан бери ИФАД жалпы суммасы 72,5 млн АКШ долларын түзгөн беш улуттук долбоорду каржылады.

1996-2011-жылдар аралыгында ИФАД Дүйнөлүк банк башкарган 20,4 млн АКШ доллары суммасындагы үч долбоорду кошумча каржылаган.

Учурда ИФАДдын каражаттарынын эсебинен “Мал чарбасын жана рынокту башкаруу -1, -2” долбоору (2013-2019-жж.), “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору (2018-2023-жж.) ишке ашырылууда.

ФАОнун Инвестициялык борбору ИФАДдын долбоорлорунун дизайнын иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө катышат.

 

 

 

 

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин

Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (ОРСП)

Кошумча маалымат үчүн коммуникация адиси Ирена Байтанаевага кайрылсаңыздар болот

                                                   Байланыш телефону: 623659, e-mail: irena@apiu.elcat.kg                                

 

ОРСПнын Интернеттеги баракчалары:

https://www.facebook.comИшке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу

https://www.facebook.com  – Доктор Азамат

https://www.youtube.com - Биздин видео

 

Телеграмм-канал:

https://t.me/apiu2019

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу