Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Чын куран 23
1144953 3 2x

 Жалал-Абад облусунда чегирткелерге каршы күрөшүү жүргүзүлүүдө

 

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда зыяндуу чегирткелерди изилдөө иштерине Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин адистери тарабынан ыкчам топтор түзүлүү менен масштабдуу изилдөө жана чегирткеге каршы күрөшүү иштери журуп жатат. Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин 8 даана Toyota Hilux үлгүсүндөгү авто унаалары атайын жабдыкталып, ортонулган уу чачкычтары менен жөнөтүлгөн. Бул техникалардын күнүмдүк өндүрүмдүүлүгү 200-400 га чейин жер аянтты түзөт. Кошумча дагы 3 даана жабдыкталган Toyota Hilux унаалары жөнөтүлүүдө.

2019 – жылдын 23 апрелине карата  Жалал-Абад областына караштуу Аксы жана Ноокен районундагы зыяндуу чегирткеге каршы күрөшүү иш чараларынын абалы, баардыгы болуп 14295 га жер изилденип, анын ичинен 11400 га жер аянтта зыяндуу чегиртке табылган жана бүгүнкү күнгө карата 6900 га жер иштетилүү менен күрөшүү иш чаралары уланууда.

 

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу