Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Март, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Жалган куран 5

Кыргыз Республикасынын  бизнес-коомчулугунда  интеграциялык долбоорлордун алкагында жаңы өнөктөштүк, шериктештик жана кызматташтыгына ээ болусунун мүмкүнчүлүктөрү бар

    

Урматтуу ишкерлер,  2018 жылынын жарым жылдыгынан баштап Евразия экономикалык комиссиянын тарабынан Бажы биримдигинин алкагында келечектүү интеграциялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жөнүндө талкулоолор башталганын билдиребиз.

Бардык эл аралык уюмдар жана мамлекеттер натыйжалуу өнүктүрүү институттарын издөөдө.

Адаптациялонун мүмкүнчүлүгү жана жөндөмдүүлүгү, ишкердик иш-чараларын божомолдоо, инновациялык технологияларды колдонуу бул атаандаштыктын негиздиги. Айтып кеткен маселелерин ишке ашыруусунун эл аралык интеграция деңгээлинде кароо жана чечүү институтун уюштуруу зарыл.

Ошондуктан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында келечектүү интеграциялык долбоорлор форматында иштеп чыгуусу талкулоодо. Интеграциялык долбоорлордун  шарттарынын бири бул үч мүчө мамлекеттин кем эмес катышуусу. Ал эми интеграциялык долбоорлордун башкы демилгечиси жана негизги катышуучусу  бул ишкерлер чөйрөсү болуп саналат.

Айыл чарба тармагында  алгачкы интергация долбоорлор болсун деп, төмөнкүлөрдү карап чыгуу сунушталат:

- айыл чарба азыктарын дүң базарынын жана логистиканын механизмдерин өркүндөтүү;

- чакан жана орто бизнес үчүн санариптик соода аянтчасын түзүү.

            Конкреттүү жана жүйөлүү сунуштардын каржылоосу Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан каралат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугунда  интеграциялык долбоорлордун алкагында жаңы өнөктөштүк, шериктештик жана кызматташтыгына ээ болусунун мүмкүнчүлүктөрү бар, ошондой эле жалпы эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк болуу баштайт.

 Айтып кеткен маалыматтын негизинде ЕАЭБ алкагында  айыл чарба тармагына караштуу интеграциялык долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарыныздарды күтөбүз.

Кошумча маалымат учүн Министрликтин Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот  ( № 501 бөлмө, телефон 0312623586, 623699).

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу