Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 28

«Айыл чарбасын каржылоо -7» ишке ашырылат

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев,  «Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоору  Кыргыз Республикасынын ишкердик  субъекттерине жана жеке жактарга 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат деп билдирди. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 5 млрд 300 млн. сом бөлүнгөн.

2019 жыл ичинде каржылоо долбоору айыл чарба азыктарын, дыйканчылыкты жана мал чарбасын жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактар үчүн жеңилдетилген арзандатылган  насыя берилет.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө насыя төмөнкү шарттарда берилет:

- 1-жылга 6 % пайыз жеңилдетилген арзандатылган  насыя берилет.

-берилген насыяны  приоритеттүү багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн;

- "Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү" өнөр жайы боюнча;

 -Жылына 8 пайыз менен:

- интенсивдүү багбанчылык жана токой чарбасы менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн;

- күнөскана жана тамчылатып сугаруу системаларын жүзөгө ашыруучу катышуучулар үчүн;

- жасалма жол менен уруктандыруучу дагы асыл тукум малды жана мал чарбасына жабдууларды сатып алуу объекттерге;

-жылына 10 пайыз жеүилдетүү менен - "Мал чарбага" жана "дыйканчылык менен жер иштетүүчү" тармактарга берилет.

Ушуну менен катар эле бак өстүрүүчүлүккө, ургаалдуу токойчулукка, үрөн өстүрүү жана асыл тукум чарбаларына, жаңы түзүлүп жаткан тамак-аш кайра иштетүү ишканаларына, күнөскана чарбасын жүргүзүүгө, тамчылап сугаруу системасын киргизүүгө берилүүчү кредиттер үчүн төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин белгилөөгө уруксат берилет.

 

Жеңилдетилген арзандатылган  насыялар Кыргызстанда 9 банк аркылуу берилет: «Айыл Банк»,   «РСК Банк», «Оптима Банк»,  «Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк»,  «Коммерческий банк Кыргызстан», «Бакай Банк»,  «Халык Банк»,  «Капитал Банк» и «Финанс Кредит Банк».

ФСХ-7 долбоорунан насыя алууну пландаштырып жаткандар үчүн, электрондук кезеке катталуусу талап кылынат.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу