Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Март, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 27

Агро-өнөржай комплексин өнүктүрүү масатында мыйзам долбоору каралууда

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев ЭлТР телеканалына интервью берип жатып, азыркы учурда "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу жүрүүдө деди ал.

 

Министр Н.Мурашев бул мыйзам долбоорунун максаты агро-өнөржай комплексин өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүп берүүнү баса белгиледи.

Атап айтканда, мыйзам долбоору айыл чарба техникаларын, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген  тетиктер, резина жана техникалык жабдыктарын КНСтен бошотуу сунушталууда.

Мындан тышкары, бул мыйзам долбоорунда  Айыл чарба тармагындагы мал чарбасында уруктарды, үрөндөрдү, аарылар, көчөттөр, минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык заттарды, Малдын тоюттарын жана тоют кошулмаларын, канаттуулар жана балык, ошондой эле азык-түлүктү өндүрүү үчүн импорт боюнча КНСти алып салуу сунуштары каралууда.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, кооперация жана логистикалык  борборлорду өнүктүрүү үчүн  75 пайыз өлчөмүндө мүлккө болгон салыкты төлөөдөн бошотулат .

Ошондой эле, айыл-чарба, мал өстүрүү, кайра иштетүү өнөр жайын, тоок өстүрүү жана аары-багуу, суу чарба жана сугат тармагындагы техникалар, фитосанитардын жабдыктары, биологиялык жана топурактын лабораториясы, атайын техникалык керектөөчү жабдуулар үчүн.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу