Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Февраль, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 25
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

“Биоотун жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу тегерек стол өткөрүлдү

 

              Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде “Биоотун жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу тегерек стол өткөрүлдү.

        Бул “Биоотун жөнүндө”  Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрдагы №449 токтому менен жактырылган.

                Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде иштелип чыкты. Долбоордун максаты  Республика боюнча атмосфералык абанын булганышынан сактоо ошондой эле  экономикалык жактан транспорт каражаттары үчүн альтернативалуу экологиялык отундун пайда болушун жана күйүүчү майлардын өздүк наркын азайтууга шарт түзөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жыл ичинде биоотунду өндүрүү боюнча 1же 2 ата мекендик ишкананы ишке киргизүү, биоотунду өндүрүү үчүн түзүлгөн ишканаларда 250-500 иш орундарын түзүү, кант кызылчасынын айдоо аянттарын  көбөйтүү, жылына 1,5-2,5 миллион дал биоотунду алуу боюнча талкуу жүрүрп, катышуучулар тарабынан сунуштар айтылды.

Талкунуун жыйынтыгында экологиялык тыянак чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жана техникалык регламенттерге шайкештигин текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине жөнөтүлсүн деген чечим кабыл алынды.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу