Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Февраль, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 20

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү товарлардын таңгактарына жана маркировкалоого коюлган талаптар

 

Маркировкалоонун негизги идеясы — керектөөчүлөргө товарлар жөнүндө толук, так жана туура маалыматты жеткирүү (кабарлоо). Бул милдет сатуучуга ЕАЭБ ченемдери гана эмес, бирок ички мыйзамдары менен  берилет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылы 18-июнундагы №376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагынан карантинге алынган продукцияны ташып кетүү эрежелери жана тартиби.

  1. п. Кыргыз Республикасынын аймагынан карантинге алынган продукцияны жана башка товарларды ташып кетүүдө пайдаланылуучу жыгач таңгактоочу, бекитүүчү материалдар карантинге алынган мындай продукциянын импорттоочу өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына шайкештигин билдирүүчү эл аралык үлгүдөгү атайын белги менен маркировкаланышы керек.

Маркировкалоонун тартиби, аталган белгинин формасына, аны салуунун ыкмасына коюлуучу талаптар өсүмдүктөрдүн карантини жаатында саясатты түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

 

БАЖЫ СОЮЗУНУН ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТИ БС ТР 022/2011 Тамак-аш продукциясы анын бөлүгүндогү маркировкалоо:

4.2. Транспорттук таңгакка киргизилген тамак-аш продукциясынын маркировалоосуна коюлган жалпы талаптар:

  1. Тамак-аш продукциясы жайгаштырылган транспорттук таңгактын маркировкалоосу төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
  2. 1) тамак-аш продукциясынын аталышы;
  3. 2) тамак-аш продукциясынын саны;
  4. 3) тамак-аш продукциясынын даярдалган күнү;
  5. 4) тамак-аш продукциясынын сактоо мөнөтү;
  6. 5) тамак-аш продукциясынын сактоо шарттары;
  7. 6) тамак-аш продукциясынын партиясын идентификациялоого мүмкүнчүлүк берген маалыматтарды (мисалы, партиянын номери);
  8. 7) тамак-аш продукцияларын чыгаруучунун аталышы жана турган жери, же тамак-аш продукциясынын жеке ишкер – даярдоочунун фамилиясын, атын, атасынын атын жана жайгашкан жери.

 

 

Мында товарлардын маркировкалоосу болушу керек :

-так жана даана, (буюмдун) таңгактын түсүнө карата контрастуу фонунда          көрүнүктүү;

-климаттык факторлордун таасирине туруктуу

-товардын пайдалануусу берилген бардык мөнөттүн ичинде сакталууда;

-товарлардын коопсуздук жүгүртүүсүн камсыздоо үчүн жетиштүү.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу