Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Февраль, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 18

Айыл чарба министрлигинин адистери Жалал-Абад облусуна агрозоовет окууларды өткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери, Жалал-Абад облусунун облусунун Сузак, Базар-Коргон,Ноокен жана Токтогул,Тогуз-Торо райондорунда мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагын адисдештирүүдө, прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен кирешелүү жана экспорттук суроо талапка ээ болгон мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларын кайра иштетүүдө алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге агрозоовет окууларды өткөрдү.

Семинарга Министрликтин мал чарба, асыл тукум ишин жана илим саясатын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Мамаев, Жайыт, мал чарба жана чарба Департаментинин бөлүм башчысы У.Майрамбеков, Кооперацияны өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Б.Абдылдаева , Тамак аш жана кайра иштетүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Замирбекова, облустун айыл чарба адистери жана жергиликтүү дыйкан-фермерлер катышты.

Окуутууда, Айыл чарба экологиялык таза продукцияларын өндүрүү, Тоюттардын баалуулугу жана малдарды тоюттандыруу эрежелери, Жайыт абалын балоо жана мониторинг жүргүзүү, Өсүмдүктөрдүн негизги түрлөрү, Ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы айлануусу, Карантин боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттери жана зыянкечтери, айыл чарба кооперативтерин өнүктүрүү жана Тамак аш азыктарына болгон талаптарды камтыган ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттери жана ХАССП системасы боюнча темаларда презентациялар окулуп, маалыматтар берилди.

Облустун ар бир райондорунда жергиликтүү дыйкан-фермерлер айыл чарба адистерине суроолорду берип, сунуштарын айтышты.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу