Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Февраль, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 15
1144953 3 2x

КР ветеринария жамааты өзүнүн электрондук китепканасына ээ болду

Кыргызстандын ветеринар адистери үчүн Электрондук китепкана иштей баштады. Китепкананын материалдары менен интернет аркылуу дүйнөнүн каалаган жеринен колдонууга болот. Китепкана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин Ветеринария жана биотехнология факультетинде жайгашкан.

Өлкөдө мындай китеп фонду биринчи жолу түзүлгөн, китепкана ИФАДдын “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоору тарабынан каржыланып Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү аркылуу аткарылууда. Долбоор тарабынан сатылып алынган компьютер, сервер жабдууларынын жана программалык камсыздоонун баасы 26 000 АКШ долларын түзгөн.

Башында долбоор КУАУнун “Лань” (Санкт-Петербург ш.) россиялык басма үйү менен кызматташууну түзүүгө жардам берген. Келишим боюнча Кыргызстандык колдонуучулар эки жыл бою ветеринария боюнча адабияттарды, окуу китептерди, макалаларды, илимий сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Ошол эле убакта Электрондук китепкананы түзүү иштери университетте жүрүп жаткан. Бул үчүн ветеринардык факультеттин  fvm.knau.kg интернет-баракчасы иштелип чыккан. Өткөн жылдын ноябрынан баштап, факультет өз алдынча жогорку ылдамдыктагы Интернетке кошулду.

КУАУнун китепканасы максималдуу деңгээлде китептер менен жабдылгандан кийин “Лань” басма үйү менен келишим аяктайт. 

          КУАУда Электрондук китепкананын ачылышы менен кыргызстандык ветеринарлар үчүн дүйнө жүзү боюнча таанууга ээ болгон россиялык жана чет өлкөлүк окумуштуулардан  көбүрөөк маалыматты алып турууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Болжолу менен 1000ден ашуун адам китепкананын окурманы боло алат, анын ичинде 700 - студенттер, аспиранттар, мугалимдер, ветеринарлар жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар (Айыл чарба министрлиги, Мамлекеттик ветеринардык инспекциясы, Ветеринардык палата ж.б.). Ар бир окурман китепканада катталып китептер менен колдонула алат.

Ветеринардык, электрондук китепкананын ачылышы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун ветеринарлардын билим деңгээлин жакшыртууга кошкон салымы болуп саналат. Кыргызстан боюнча ветеринария кызматын комплекстүү өнүктүрүү максатында Мамлекеттик ветеринардык инспекциясына, Ветеринардык палатасына, Ветеринария илим-изилдөө институтуна, Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна жана Ветеринардык регистрация жана сертификация борборуна олуттуу колдоо көрсөтүлүүдө.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу