Мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын
вегетация мезгилине даярдоо боюнча 2019-жылдын 15-февралына карата
маалыматы
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаменти боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 178,4 млн.сом каралып, 2019-жылдын 15-февралына карата 55,8 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, коюлган 178,4 млн.сомдук план-тапшырманын 31 % түздү.
- 114,4 км каналдар оңдолуп, план боюнча 384,9 км, же 30 %;
- 156,3 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 529,9 км же 29 %;
- 372 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1126 же 25%;
- 355 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1118 же 32 %;
- 32 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 100, же 32%;
- 5 даана скважиналар оңдолгон, план боюнча 15, же 33%;
Баардыгы болуп суу чарба курулуштарын сугат мезгилине карата өз убагында даярдоодо 56 даана ар түрдүү экскаваторлор, 22 даана бульдозер, 20 даана тракторлор, 15 даана автокран, 58 даана автомашина, 24 даана фронталдык жүктөгүч жана 1086 адам иштеп жатат.
2019-жылдын сугат мезгилине ички чарбалык ирригациялык тармактарын оӊдоо жана тазалоо иштеринин даярдыгы боюнча бүгүнкү күнгө аткарылган жумуштардын абалы төмөндөгүдөй:
- Сугат каналдардын жалпы узундугу 18 215 км түзөт, анын ичинен план боюнча оӊдоло турганы – 7136 км, аткарылганы 170 км.
-Каналдарды оңдоодон өткөрүү план боюнча-480 км, аткарылганы -10,7 км.
-Каналдарды механикалык тазалоонун планы – 1824 км, аткарылганы – 29 км.
-Каналдарды кол күчү менен жана «Ашар» ыкмасы менен тазалоо планы – 4832 км, аткарылганы – 130 км.
-Суу өлчөгүчтөрдүн саны 1105 даана болсо, анын ичинен оңдоло турганы план боюнча – 272 даана, аткарылганы – 2 даана.
-Гидротехникалык курулмалардын саны 19740 даана болсо, оңдоло турганы план боюнча – 3087 даана, аткарылганы – 42 даана же 1% түзөт.
СПАлардын каналдарын жана каналдарга тиешелүү болгон курулмаларын 2019-жылдын сугат мезгилине чейинки оңдоого жана тазалоого СПАлар тарабынан пландуу болжол боюнча 76 948 миң сом акча каражаты бекитилип, бүгүнкү күнгө өздөштүрүлүп, аткарылганы 1834 миӊ сом.