Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Февраль, 2019 >>
ПН ВТ СР ЧТ ПТ СБ ВС
1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 14
1144953 3 2x

Министрликтин 2018-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча «Кабар» агенттигинде пресс-конференция өткөрүлдү

 

Бүгүн 14-февральда Министрликтин 2018-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча «Кабар» агенттигинде пресс-конференция өткөрүлдү. Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Ташболотов, Уюштурууну камсыз кылуу жана документ жүгүртүү бөлүмүнүн башчысы Нурмамат Муллакелдиев, Агрардык саясат жана экономикалык божомолдоо бөлүмүнүн башчысы Замирбек Молдалиев катышты. М. Ташболотов министрликтин 2018-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча айтып берип,  2019-жылдагы жазгы талаа иштери боюнча суроолорго жооп берди.

 

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюча маалыматы:

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан 2018-жылдын январь-декабрь айларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси боюнча программалык документтеринде, тапшырмаларында, Министрликтин 2018-жылга карата Планында көрсөтүлгөн милдеттерге жана иш-чараларга ылайык жумуштар аткарылды.

Өсүмдүк өстүрүү. 2018-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянты 1214,9 миң га жерди түздү.

Өндүрүмдүүлүктүн эң көп пайызы дан өсүмдүктөрү жана чанактуулар болуп эсептелинет, алар себүү аянтынын 51 пайызын ээлейт. Картөшкө  болгону 7 пайызын, ал эми жашылчалар-4,3 пайызын түзөт.

Эң минималдуу өндүрүмдүүлүк болуп техникалык өсүмдүктөр саналат, мисалы пахта – 2,0 пайызды түзөт, кант кызылчасы – 1,5 пайыз, тамеки – 0,08 пайыз айдоо аянттарын гана ээлейт.

Себүү аянттарынын түзүмүнүн өсүүсү пайдаланылбай калган жерлерди кыскартуунун эсебинен болду, Өткөн 2017-жылга салыштырмалуу пайдаланылбай калган жерлер 7,4 миң га кыскарды жана ал жерлер 67,3 миң га түздү.

            Айдоо жерлеринин пайдаланылбагандыгынын негизги себептери болуп: - катуу кайрак жерлер – 31,5 миң га, (жалпы пайдаланылбаган айдоо аянттардын 47,0 пайызын түзөт); - алыскы жана таштак жерлер – 11,9 миң га (18,0 пайыз); - суу жетпеген жерлер жана сугат тармагынын оңдолбогон жерлери – 11,8 миң га (17,0 пайыз); - туздуу жана саздак жерлер – 3,1 миң га жана калктуу конуштардын кеңейүүгө – 3,2 миң гектар (5,0 пайыз).

Республика боюнча буудай 253,8 миң га, же 2017-жылга салыштырмалуу 3,9 миң га жерге көп жыйналды, ар бир гектардан таза салмакта 24,3 центнерден алынды, же 2017-жылга карата 0,2 ц/га жогору болду, дүң жыйымынын көлөмү 615,9 миң тоннаны түздү, же бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 14,9 миң тоннага көп болду.

Арпа 191,9 миң га жерге, же 2017-жылга салыштырмалуу 0,8 миң га аз себилген, арпанын түшүмдүүлүгү 2018-жылы 22,4 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 0,4 ц/га көп болду. Дүң түшүмү 429,3 миң тонна, же өткөн 2017-жылга карата 4,9 миң тоннага көп топтолгон.

2018-жылы жүгөрүнүн себүү аянты 105,1 миң га, же 2017-жылга салыштырмалуу 3,7 миң га көбөйгөн.

Жүгөрү данынын дүң жыйымы 692,9 миң тонна болуп, же өткөн жылга салыштырмалуу 39,5 миң тоннага көп болду. Түшүмдүүлүгү болсо 64,9 ц/га, жетип, 2017-жылга карата 1,6 ц/га көп болду.

Чанактуу дан өсүмдүктөр өткөн жылы 61,6 миң га, же 2017-жылга салыштырмалуу 2,8 миң га көп себилди. Республика боюнча жалпы дүң жыйым 106,6 миң тоннаны түзүп, түшүмдүлүк 17,2 ц/га болду.

2018-жылы пахта 23,0 миң га себилди, же өткөн 2017-жылга салыштырмалуу 2,4 миң га көп себилген. Пахтанын дүң түшүмү 74,4 миң тонна болуп, же 2017-жылга салыштырмалуу 9,4 миң тоннага көп болду.

Тамеки 700,0 га жерге отургузулуп, же өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 миң гектар жерге көп отургузулду. Топтолгон тамеки жалбырагынын көлөмү 1,8 миң тонна, же өткөн 2017-жылга салыштырмалуу 0,26 миң тоннага көп болду.

Май өсүмдүктөрүнүн дүң түшүмү 35,4 миң тонна топтолуп, 2017-жылга салыштырмалуу 4,3 миң тоннага аз топтолду. Түшүмдүүлүк 11,1 ц/га түзүп, өткөн жылга карата 0,3 ц/га көбөйгөн.

Картошка 84,4 миң га жерге отургузулган, же 2017-жылга салыштырмалуу 1,4 миң га көбөйгөн. Анын дүң түшүмү 1446,6 миң тоннаны түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 30,6 миң тоннага көп болду.

Кант кызылчанын себүү аянты 16,26 миң га түзүп, 2017-жылга караганда 1,04 миң га жерге аз себилген. Кызылчанын түшүмдүүлүгү 475,4 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 63,8 ц/га жогору болду.

2018-жылы жашылча өсүмдүктөрү 52,0 миң га, же өткөн жылдын деңгээлинде себилген. Алынган дүң жыйым 1049,9 миң тоннаны түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 8,2 миң тоннага көп болду, ошондой эле бахча өсүмдүктөрү 2018-жылы 11,2 миң га жерде себилген. Анын дүң түшүмү 249,1 миң тоннаны түзүп, же 2017-жылга карата 10,4 миң тоннага аз топтолгон. 

Республика боюнча быйылкы жылы 2019-жылдын түшүмү үчүн 154,1 миң га жер аянтына кылкандуу дан эгиндерди себүү сунушталган, анын ичинен 140,4 миң га – буудай жана 13,7 миң га арпа.

Күздүк өсүмдүктөрү үчүн республика боюнча 22,7 миң га жер айдалды. Айдоо алдында сугат сугаруу 100,6 миң га жер аянтында жүргүзүлдү, Сугаруу, айдоо иштеринен кийин 141,4 миң га, мунун ичинен 126,0 миң га аянтка буудай жана 14,8 миң га аянтка арпа себилди. Республика боюнча күздүк себүү тапшырмасы 92,0 пайызга аткарылды. Ошондой эле 2019-жылдын түшүмү үчүн 115,2 миң га тоңдурма айдалды.

Азыркы учурда үрөндөрдүн керектүү көлөмү топтолду, аларды себүү кондициясына жеткирүү жана сертификациялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Суу чарба жана ирригация. 2018-жылы республика боюнча мамлекеттик суу чарба объектилеринде 1085 суу чарба курулмалары оңдолгон, 981 суу өлчөөчү посттор, 102 насостук станциялар жана 254 агрегаттар, 227,4 км аралыкта ири каналдар толук түрдө капиталдык ремонттон өтүп, 244,5 км аралыкта механикалык жол менен тазаланган.

2018-жылдын апрель-июль айларында түрдүү режимдеги нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен болгон кыян-селдерден улам, 2018-жылдын сугатына толук даярдалган 31 мамлекеттик ирригациялык объекттерде кыйроолор болуп, 8,7 млн. сомдук залал алып келди. Биринчи кезектеги калыбына келтирүү жумуштары 2,8 млн. сомго тез арада аткарылып, дыйкандар өз учурунда сугат суу менен камсыз болду.

-“Жумгал районундагы Баш-Кууганды дарыясынан жерлерди сугаруу” объектисинин курулуш иштери 2018-жылдын октябрь айында аяктап, 239 га жаңы сугат жер өздөштүрүлүп жана 1091 га сугат жерлердин суу менен камсыздоосу жогорулады;

-“Өзгөн районунда Ана-Кызыл Төрт-Гүл айыл аймагында ирригациялык ички чарбалык тармактарын куруу” объекттеги жалпы курулуш иштери аяктап, 2019-жылдын апрель айында сыноодон өтүп, эксплуатацияга берилет. 349 га сугат жерлердин суу менен камсыздоосу жогорулайт.

-“Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагынын ирригациялык тармагынын Ак-Тектир жана Терек-Талаа каналдарын реабилитациялоо” объекттин курулуш иштери 2018-жылы декабрь айында аяктап, 560 га сугат жерлердин суу менен камсыздоосу жогорулады.

Андан тышкары:

- “Аксы районунда Ак-Терек каналын куруу” объектте 2018-жылдын декабрь айында 300 га жаңы сугат жер өздөштүрүлүп жана 250 га сугат жерлердин суу менен камсыздоосу жогорулады.

- “Кадамжай районуна Каракыштак-Боз каналын куруу” объектте алгачкы долбоордо пландаштырылгандан тышкары 2018-жылдын декабрь айында 95 га жаңы сугат жер өздөштүрүлгөн.

2018-жылы жалпы республика боюнча 634 га жаңы сугат жерлери өздөштүрүлүп, 1901 га сугат жерлердин суу менен камсыздоосу жогорулады жана 1600 га жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылган.

2018–жылдын жыйынтыгы боюнча сугат иштери толук аяктап, сугатка суу берүү планда 4913 млн.куб.м. каралса, иш жүзүндө 4757 млн.куб.м. суу берилип, план 97,0 пайызга аткарылган. Берилген суу менен жалпысынан 3101 миң гектар аянты сугарылган.

2019-жылдын вегетациялык мезгилине даярдоо иштерин жүргүзүү боюнча бардыгы болуп  себүү алдындагы сугаты менен планда - 58,7 миң га каралса, иш жүзүндө - 55 миң гектары сугарылып план 94 пайызга аткарылган. Күздүк ным топтоо сугаты менен планда – 217 миң га каралса иш жүзүндө 201 миң гектар сугарылып , план 92  пайызга аткарылган.

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо. Республиканын минералдык жер семирткичтерге (МЖС) болгон жылдык керектөөсү - 395,0 миң тоннаны түзөт, анын ичинен азоттук - 221,0 миң тонна, фосфордук - 162,0 миң тонна жана калийдик жер семирткичтер - 12,0 миң тонна.

2018-жылдын 31-декабрына карата республикага – 141,0 миң тонна минералдык жер семирткичтер алынып келинген, (анын ичинен республиканын түштүгүнө 85,5 миң тонна, республиканын түндүгүнө 55,5 миң тонна). Жалпы топтолгон минералдык жер семирткичтердин көлөмүнөн республика боюнча дыйкан/фермер чарбаларына 130,2 миң тоннасы сатылды.

Бардык алынып келинген жер семирткичтер жеке менчик компаниялар жана Өзбекстандын, Казахстандын жана Россия Федерациясынын жеткирип берүүчүлөрү (трейдерлери) тарабынан алынып келинди.

2018-жылы республикага төмөнкү жер семирткичтердин түрлөрү алынып келинген:

- азоттук (аммиак селитрасы, карбамид) – 115,9 миң тонна;

- фосфордук жана комплекстүү (аммофос, суперфосфат, нитроаммофос, диаммофоска) – 23,5 миң тонна;

- калийдик – 1,6 миң тонна.

Жазгы талаа жумуштарынын башталышына жетиштүү минералдык жер семирткичтерди алып келүү кылкандуу дан эгиндеринин 108,4 миң га аянтында тоюттандырууну өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылды, же ушул иш-чара 98,0 пайызга аткарылды.

2018-жылдын башынан бери 2 контролдук-токсикологиялык лабораториялар тарабынан минералдык жер семирткичтердин сапатына физика-химиялык анализдер жана топуракта азот нитратынын калдыгы, кыймылду фосфор жана калий, гумустун, топурак эриткичинин РН анализдери жүргүзүлдү, жана жеке, юридикалык жактардын тапшырыктары боюнча жер семирткичтердин чачуу нормасы жана мөөнөтү боюнча сунуштар берилди.

Сапатын аныктоого үлгүлөр алынды жана анализденди:

- жер семирткичтердин сапатын аныктоо - 62 үлгүсү;

- топурактын асылдуулугун аныктоо боюнча фермерлердин тапшырыктары менен - 217 үлгү;

- суунун сапатын аныктоо боюнча – 4 үлгү;

- пестициддердин сапатын аныктоо боюнча – 6 үлгү;

- пестициддердин топурактагы жана суудагы калдыктарынын санын аныктоодо – 25 үлгү алынган.

Ош контролдук-токсикологиялык лабораториянын адистери топурактын курамында - бор, жез, кобальт, молибден, марганец микроэлементтерин аныктоо ыкмаларын үйрөнүп, өздөштүрүштү.

Ошондой эле, төмөнкүдөй фитосанитардык иш-чаралар жүргүзүлдү:

- 435,1 миң га аянтта зыянкечтерди, илдеттерди жана отоолорду аныктоого изилдөө иштери жүргүзүлдү;

- изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде химиялык иштетүүлөр зарылдыгы тууралуу айылдык аймактарга 1200 сигналдык билдирүүлөр берилди;

- ушул билдирүүлөрдүн негизинде фермерлер тарабынан 210,0 миң га айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда химиялык иштетүүлөр; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда бардыгы болуп – 291,7 миң га аянтта химиялык отоолор жүргүзүлгөн; 34,1 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн үрөнү зыяндаштыруудан өткөрүлгөн (пландалгандан 78 пайызы).

2018-жылга пестициддерге эсептик муктаждык 517,0 тоннанын түздү. Алардын ичинен үрөндөрдү ууландырууга болгон муктаждык – 40,8 тонна, гербициддерге – 264,7 тонна, инсектициддерге – 150,1 тонна, фунгициддерге – 61,3 тонна.

Бардыгы 526,8 тонна пестицидер (камсыздандыруу – 101,9 пайыз), алардын ичинен үрөндөрдү ууландыргычтар – 26,4 тонна (камсыздандыруу – 64,6 пайыз), гербициддер – 219,6 тонна (камсыздандыруу- 82,9 пайыз), инсектициддер – 210,9 тонна (камсыздандыруу– 140,5 пайыз), фунгициддер – 69,9 тонна (камсыздандыруу -114,0 пайыз) ташылып келинген.

2018-жылы республика боюнча зыяндуу чегирткелерге изилдөө 174,9 миң гектарда жүргүзүлүп, анын ичинен химиялык иштетүүгө жатат деп табылган аянт – 146,0 га, иштетилгени – 146,034 га.

Америкалык ак кѳпѳлѳк менен күрөшүү максатында республика боюнча изилденген аянт 1788 га түздү, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы - 1093 га, иштетилгени – 1093 га.

Өсүмдүктөрдүн карантини. Азыркы күндө республика боюнча 4 карантиндик фитосанитардык лабораториялар иштейт: Бишкек шаарында Борбордук өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясы, Ош шаарында Ош өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясы, Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында Талас өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясы жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында Ысык-Көл өсүмдүктөрдүн карантини боюнча  лабораториясы.

Зыяндуу карантиндик объекттерди аныктоо максатында 2018-жылы 6550 даана феромондук тузактар карантиндик объектилердин 20 түрүнө сатылып алынды.

Газ жана аэрозолдук ыкмасы менен зыянсыздандыруу боюнча иш жүргүзүлдү. Карантинге алынган жүктө, объектте зыяндуу организмдердин жана илдеттердин жок экендигин тастыктаган, зыянсыздандыруу жолун, фумиганттын аталышын, дозасын, экспозиясын жайлардын жана жүктөрдүн температурасын көрсөткөн фумигация актылары жазылды.

2018-жылда лабораториялар тарабынан 11198 экспертиза жүргүзүлгөн, 4372 күбөлүктөр жана 41200 сертификаттар берилген.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизасы. 2018-жыл мезгилинде VCU сыноосун өткөрүү максатында жаздык дан эгиндеринин 296 сорт тажрыйбасы, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча атайын жасалма жол менен дан эгиндеринин сортторунун негизги илдеттерге (дат басуу, чаңдуу кара көсөө, катуу кара көсөө, ак кебер ж.б.) туруктуулугун сыноо максатында 91 сорт тажрыйбасы эгилген. Чанактуу дан эгиндеринин 42 сорт тажрыйбасы, техникалык өсүмдүктөрдүн 69 сорт тажрыйбасы, тоют өсүмдүктөрдүн 163 сорт тажрыйбасы, жашылчалардын 208 сорт тажрыйбалары, анын ичинде картөшкө боюнча 66, мөмө берүүчү өсүмдүктөрдүн 10 сорт тажрыйбалары айдалды.

Мындан сырткары, соя, төө буурчак жана жүгөрүнүн демонстрациялык тилкелери айдалды. Ошондой эле, 13 сорт өнүгүү түрүн аныктоо максатында буудайдын 22 сорту, арпанын 57 сорту жана сулуунун 3 сорту генбанкка коллекциялык материал катары, ал эми буудайдын 3 сорту жана арпанын 9 эталон сорту DUS сынагын өткөрүү максатында айдалган.

Мындан сырткары, соя, төө буурчак жана жүгөрүнүн демонстрациялык тилкелери айдалды. Ошондой эле, 13 сорт өнүгүү түрүн аныктоо максатында; буудайдын 22 сорту, арпанын 57 сорту жана сулунун 3 сорту генбанкка коллекциялык материал катары; ал эми буудайдын 3 сорту жана арпанын 9 эталон сорту DUS сынагын өткөрүү максатында айдалган.

Ошондой эле, буудайдын, арпанын, жүгөрүнүн жана пахтанын түрк, кытай жана сербия селекцияларынын сорттору менен гибриддери сыноодон өткөрүлүүдө.

Дан эгиндеринин жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн өтмө тажрыйба айдоолорун эске алуу менен 2018-жылга карата бардыгы болуп 1820 сорт тажрыйбасы себилди.

Буудайдын жана тритикаленин 268 сорт үлгүсүнөн алынган ундун нымдуулугун жана ундун чыгышына баа берилип, 536 анализ аткарылды.

Жашылча жемиш өсүмдүктөрүнүн 17 үлгүсүнүн химиялык курамы аныкталып, 102 анализ аткарылды. Бардыгы болуп 2018-жыл ичинде 6051 анализ аткарылды.

2018-жыл ичинде мамлекеттик резервде турган тамак-аш буудайынын сандык жана сапаттык сакталышы боюнча мамлекеттик материалдык резерв Фондунун 9 жооптуу сактоочуларына инспекциялык текшерүүлөр жүргүзүлдү.

70 ашуун кампалык имараттарда жана силостук элеватордо ун запастарынын зыянкечтер менен булгануусу жана жугуштуулугу изилденди, жыйынтыгында мамлекеттик материалдык резерв Фондуна караштуу жооптуу сактоочуларына 87 сактоо милдеттенмелердин актылары бекитилди.

Механизациялоо.

2018-жылдын 20-декабына карата бардык иштеп жаткан лизингдик насыя долбоорлору боюнча айылдык субъектерге 2558 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары, анын ичинде тракторлор – 1927 даана, комбайндар – 106 даана, чиркеме жана асма айыл чарба машиналары – 481 даана жана атайын техникалар 44 даана жалпы суммасы 633,9 млн. сомго берилген. Анын ичинде айылдык субъектер 2018-жылдын 24-декабрына карата 633,9 млн. сомго барабар болгон 335 даана айыл чарба техникаларын лизингке алышкан.

2016-17 жылдары уюшулган 56 МТСке 2018-жылы республика боюнча бардыгы болуп дагы 15 МТС уюшулуп кошулду жана алардын карамагында 700 жакын ар-кандай үлгүдөгү айыл чарба техникалары бар. Жалпы уюшулган 71 МТСтин 38 жеке, 38 муниципалдык ишканаларды түзөт.

Министрлик тарабынан заманбап айыл чарба машиналарын колдонуу жана алдыңкы инновациялык технологияларды жайылтуу, экономикалык жана өндүрүштүк байланыштарды өркүндөтүү, илимий-техникалык маалыматтар менен алмашуу, республиканын экономика жаатындагы жетишкендиктери менен жана тааныштыруу максатында 2018-жылы “АгроТехЭкспо-2018” Республикалык көргөзмөсү уюштурулду.

Бул көргөзмөнүн негизги максаты заманбап айыл чарба машиналарын колдонуу жана алдыщкы инновациялык технологияларды жайылтуу, экономикалык жана өндүрүштүк байланыштарды өркүндөтүү, илимий-техникалык маалыматтар менен алмашуу, республиканын экономика жаатындагы жетишкендиктери менен тааныштыруу жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекет тарабынан колдоо үчүн лизинг механизмин жайылтуу болуп саналат.

Көргөзмөнүн ишине 50 жакын машина куруучу заводдордун өкүлдөрү жана ата мекендик техника алып келип сатуучулар 140 даана техниканын үлгүлөрүн жана кайра иштетүүчү жабдууларын кардарларга сунуштады. Көргөзмөгө 15 жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышып, техника сатып алуу тууралуу 15 келишим түзүлүп, 56 тапшырык алынган.

Жер-пландоо иштери. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтому менен бекитилген “Жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык жерге жайгаштыруу, айыл аймактардын жерлерин инвентаризациялоо, калктуу конуштардын чек арасын тактоо, жер кыртышын изилдөө жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

12 райондордун 116 айыл аймактарында айыл аймактарын инвентаризациялоо жумуштары улантылууда, ал эми 74 айыл аймактарда бул жумуштар бүткөрүлдү. Аткарылган жумуштун ѳлчѳмү 23 млн 541,9 миң сомду түздү.

2017-жылы инвентаризациялоо иштери бүткөрүлгөн 5 райондун (Панфилов, Базар-Коргон, Түп, Сузак, Тоң) жыйынтык материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрында № 483-б буйругу менен бекитилген.

Азыркы учурда, мурда бүткөрүлгөн инвентаризациялоо иштери боюнча киргизилген 9 райондун (Бакай-Ата, Баткен, Жайыл, Нарын, Ноокат, Москва, Чүй, Араван, Аламүдүн) жана 5 райондун инвентаризациялоо материалдары кайтарылып, такталып, кайрадан бекитүүгө даярдалып жатат.

Азыркы учурда 4 райондор (Ысык-Ата, Чоң-Алай, Лейлек, Ак-Суу) боюнча корутунду иштери жүргүзүлүп жатат.

Финансалык каражаттар өз убагында бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу, инвентаризациялоо жумуштары 2019-жылы улантылышы каралууда.

Ушул себептерден улам, “Кыргыз Республикасынын Жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомдун долбоору даярдалып, тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ киргизилди.

Инвентарзацияны жүргүзүү жыйынтыгы менен 24 райондо бул жумуштар жыйынтыкталып, сугат айдоо аянттары 59 миң гектарга көбөйгөнү аныкталды. Бул болсо жайыт жерлери, жана кайрак айдоодон өздөштүрүлгөндүн эсебинен болду.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча бул кѳбѳйгѳн сугат айдоодон орточо эсеп менен салыктан түшө турган кирешенин жалпы суммасы 18 млн 115 миң сомду, ал эми жайыттан жана көп жылдык бак-дарактардан 7 млн.501 миң сом түшмөк. Бардыгы 25 млн. 617 миң сомду түздү.

Калктуу конуштардын чегин аныктоо жумуштары 12 райондун 116 айыл аймактарынын 505 калктуу конуштарында жумуштар жүргүзүлүүдө.

Үстүбүздөгү жылда 325 калктуу конуштарда 6 млн. 199,3 миң сомдук жумуштар бүткөрүлдү.

Бул жумуштар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын жана мекеме уюмдарды кадастрдык маалымат менен камсыз кылуу жана туура салык салуу максатында жүргүзүлүүдө.

Жер кыртышын изилдөө жумуштарына өзгөртүп түзөтүү киргизүү жумуштары: 2 райондо (Түп жана Кадамжай) 24 айыл аймактарында даярдоо жумуштары жүргүзүлүүдө. 2018-жылы 18 айыл аймактарында бүткѳрүлүп, аткарылган жумуштун кѳлөмү 2 млн. 591,7 миң сомду түздү.

Бул жумуштар топурактын сапатын тактоо менен бонитеттик баллын кайра эсептеп чыгып, айыл чарба жерлеринин жер салыгынын ченине өзгөртүү киргизүү үчүн жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимиттөө жана демаркациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Агробиологиялык иштер. Министрликтин негизги милдеттеринин бири экологиялык таза айыл чарба азыктарынын өндүрүшүн жогорулатууну, органикалык биотехнологиялык азыктарды пайдалануу жана өндүрүшүн кеңейтүү болуп эсептелет.

Республиканын талаачылык тармагында 2018-жылдын 31-декабрына карата республика боюнча жалпы 138316 га жерде биопрепараттар жана биокаражаттар пайдаланылды, 2017-жылдын деңгээлине салыштырмалуу бул көрсөткүч 1754 га аянтка көп болду.

Кыргызагробиоборбордо жана анын түзүмдүк бөлүктөрүндө 2018 –жылы эки микробиологиялык препарат жана энтомофагдардын 5 түрү өндүрүлүп жатат.

2018-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерине каршы биопрепарат (биофунгицид) триходермин кеңири пайдаланылып, техникалык эффективдүүлү 65-75 пайызды түздү. Триходермин 2018-жылдын 31-декабрына чейин 8,7 миң кг/литр, былтыркы жылга салыштырмалуу 28 пайызга көп өндүрүлдү. Жалпы 3724 га аянтта иштетилди, же былтыркыга салыштырмалуу 340 гектарга көп болду 2018-жылы триходерминди көбүнчө жүгөрү жана төө буурчактын үрөндөрүн жана жышылчаларды тамыр чирикке каршы иштетүү менен колдонушту.

2018-жылы 42,4 тонна биопрепарат биолигнин өндүрүлүп, республика боюнча 25544 га аянттагы үрөндөрдү чылоо менен буудайды жана арпаны, жүгөрүнү жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүдө жана кошумча азыктандырууда колдонулду.

2018-жылы биолигнинди Нарын районунун “Үлгү”, “Жийдебак”, Кочкордон «Теңдик-Элдик» үрөөнчүлүк чарбалары, Ат–Башы районунун фермерлери буудайды, арпаны себүүдо жана тоют өсүмдүктөрүн кошумча азыктандырууда пайдаланышты. Жыйынтыгында биолигнин пайдаланган эгиндер башка талаалардагы эгинге караганда тегиз чыгып, өсүүсү 5-7 күнгө эрте болуп, илдеттер дээрлик кездешкен жок.

Айыл чарба өсүмдүктөрүндөгү үкүчөлөрдүн жана башка зыянкечтердин жумурткасын жок кылуу үчүн 48885 грамм трихограмма өндүрүлүп, 15878 га аянттагы кант кызылчысынын үкүчөсүнүн жана томаттагы косек куртунун жумурткасын жок кылууга пайдаланылды, ал эми габробракон томаттагы косек курттарынын жана жетим көпөлөктөрдүн гусеницаларына каршы колдонулуп баштады, көбүнчө жашылча, пахта жана жүгөрүдөгү косек куртунун гусеницасын жок кылууда пайдаланылды.

Кыргыз Республикасынын жети областында айыл чарбасын биотехнология ыкмалары менен өндүрүлгөн биопрепараттар жана биокаражаттар менен камсыз болушу 2018 –жылы 10-16 пайызга жогорулады.

 

Мал чарбасы. Эт өндүрүү. 2018-жылдын отчеттук мезгилинде республиканын бардык категориялардагы чарбаларында 403,3 мин тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 8,2 миң тоннага, же 2,1 пайызга мурунку жылга салыштырмалуу эт көп өндүрүлдү.

Белгилей кетчү нерсе 2018-жылдын январь-декабрь айларында республиканын бардык облустарында 2017-жылга салыштырмалуу эт көп өндүрүлгөн.

Республикада эт өндүрүүнүн жогорулашынын негизги себеби малдардын башынын көбөйүшү менен эсептелет. 2017-жылдын аягына карата ири мүйүздүү малдарынын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 47,6 миң башка өскөн, кой жана эчкинин саны 55,2 миң башка, чочконун саны 1,0 миң башка, жылкынын саны 14,0 миң башка жана үй канаттуулардын саны 236,8 миң башка көбөйүшү болуп эсептелет.

Сүт өндүрүү. 2018-жылдын январь-декабрь айларында республика боюнча 1589,7 миң тонна сүт өндүрүлдү, 33,5 миң тонна, же болбосо 2,2 пайызга мурунку 2017-жылга караганда сүт көп өндүрүлдү.

Республика боюнча сүт өндүрүү көлөмүнүн өсүшүнүн негизги себеби саан уйлардын башы 19,8 миң башка көбөйүшү жана бир баш уйга орточо саалган сүттүн 0,2 кг өсүшү менен эсептелинет. 

Жумуртка өндүрүү. 2018-жылдын отчеттук мезгилинде республикада 533,2 млн. даана жумуртка өндүрүлүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 22,5 млн. даанага, же 104,4 пайызга көп болгон.

Республиканын бардык облустарда жумуртка өндүрүнүн жогорулашы байкалат.

2018-жылдын 12-айында республика боюнча 12798 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы 2017-жылга салыштырмалуу 179 тоннага көп. Республиканын бардык облустарда жүн өндүрүнүн жогорулашы байкалат.

Асыл-тукум мал чарбасы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 буйругун аткаруу максатында республиканын аймагында ири мүйүздүү малдардарды уруктандыруу боюнча 31 пилоттук айылдар тандалып алынган.

2018-жыл ичинде республика боюнча 83231 баш ири мүйүздүү малдар уруктандыруудан өткөрүлүп, республикада бар уйлардын санынын 11 пайызын түздү. Анын ичинен, пилоттук айылдарда бардык уйлардын санынын 43 пайызы өткөрүлгөн (24472 баш).

Балык чарбасы.

2018-жылда товардык балыктын республиканын балык чарба көлмөлөрүндөгү өндүрүшү 2401,0 тоннаны түздү, же 2017-жылга салыштырмалуу 112,0 тоннага көп болду.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы.

2018-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жайынын ишканалары өндүргөн тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктары 29420,2 млн.сомду, физикалык көлөмдүн индекси (мындан ары текст боюнча ФКИ) 104,7 пайызды түзгөн.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын продукциясынын көлөмүнүн азайышы 2017–жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу Нарын областында 10,2 пайызга жана Ош шаары боюнча 19,2 пайызга орун алган.

Отчеттук мезгилдеги тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктарынын өсүшү төмөнкү тармактарда камсыз болгон: эт азыктары – 4,3 пайызга, сүт азыктары – 22,0 пайызга, макарон азыктары – 15,0 пайызга; кант өндүрүү – 11,1 пайызга; минералдык суулар жана алкоголсуз ичимдиктер – 10,6 пайызга, ошондой эле 2017-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу нан жана ундан жасалган кондитердик азыктардын өндүрүлүшүнүн 4,7 пайызга өсүшү байкалууда.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын продукциясынын көлөмүнүн өсүшү төмөнкү тармактардагы өсүш менен камсыз болгон:

Республиканын тамак-аш азыктарынын (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктарынын жалпы көлөмүнүн отчеттук мезгилде 22,8 пайызын ээлеген сүттү кайра иштетүү тармагында КФИ 122,0 пайызды түзгөн.

Тармактын өсүшү төмөнкү продукциянын түрлөрүнүн өсүшү менен камсыз болгон:

- иштетилген суюк сүт 37,1 миң тонна өндүрүлүп, өсүү темпи 116,3 пайызды түздү;

- кургатылган сүт жана каймак (сливки) – 4,6 миң тонна, өсүү темпи 130,7 пайызды;

- чалган май (сливочное масло) - 4,3 миң тонна, өсүү темпи – 104,0 пайызды;

- бардык түрдөгү сырлар – 3,8 миң тонна, өсүү темпи – 109,9 пайызды;

- бал муздак – 5,6 миң тонна, өсүү темпи – 127,4 пайызды түздү.

Эт азыктарын өндүрүү тармагында ФКИ 104,3 пайызды түзгөн. Отчёттук мезгилде 13,1 миң тонна бодо жана кой, эчки, жылкы жана башка малдын эти жана субпродуктылары өндүрүлгөн, же былтыркы жылга салыштырмалуу 96,3 пайызды түздү. Үй канаттуулардын этинин өндүрүлүшүнүн өсүшү байкалат, же 713,5 миң тонна өндүрүлдү, өсүү темпи – 387,1 пайызды түздү. Колбаса азыктары 4,8 миң тонна өндүрүлдү, өсүү темпи – 130,4 пайызды түздү; эт консервалары – 192,5 тонна, өсүү темпи – 104,0 пайызды түздү.

Ошондой эле кант өндүрүү тармагында ФКИ мезгил ичинде 112,0 пайызды түздү, 122,2 миң тонна кумшекер, же былтыркы жылга салыштырмалуу 119,7 пайыз өндүрүлдү.

Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык 2018-жылдын 1-январына карата чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны: аракеттеги ири жана орто ишканалар – 353 бирдик түзөт.

Алкоголдук өндүрүш. Алкоголдук тармакта 45 ишкана иш алып барышты, анын ичинен 5 спирт заводдору, 6 вино заводдору, 15 сыра кайнатуучу жана 19 вино чыгаруучу ишканалар.

Алкоголдук азыктарды өндүрүүгө жана сатууну жөндөө алкагында лицензиялар берилип жатат. 1205 иш кабыл алынып, текшерилди жана катталды.

Бардыгы болуп 1190 лицензия, анын ичинен аймактарга 515 даана, борбордук аппаратка кайрылган 675 салык төлөчүлөргө берилди.

Лицензияларды берүүдөн бюджетке 686,0 миң сом түштү.

2018-жылдын январь-декабрында алкогол тармагында план 3565,0 миң далга жеткирилген.

“Алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү жөнүндө” декаларацияга ылайык 2018-жылдын 12 айында алкогол тармагынын ишканалары тарабынан планда каралган 3565,0 миң далдын ордуна факт жүзүндө 4210,8 миң дал, же план 118,1 пайызга (+645,8 миң дал) аткарылган.

2018-жылдын январь-декабрында алкогол тармагында ички продукцияларга акциз салыгы боюнча план 841,0 млн. сомго жеткирилген.

“Алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү жөнүндө” декларацияга ылайык 2018-жылдын 12 айында алкогол тармагынын ишканалары тарабынан планда каралган 841,0 млн. сомдун ордуна факт жүзүндө 788,0 млн. сом акциз салыгы төлөнгөн, же план 93,7 пайызга (-53 млн. сом) аткарылган.

Чарба жүргүзүүчү субъекттерди пландуу жана пландан сырткары текшерүү алкагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 235899 алкоголдук продукциянынн бөтөлкөлөрү алынды, 5 тонна сыра жана жалпы суммасы 18527,8 миң сомго барабар 325 литр спирт, анын ичинен пландуу жана пландан сырткары текшерүүлөрдөн 218623 бөтөлкө жана 5 тонна сыра жалпы суммасы 16858,7 миң сом өлчөмүндө алынды.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен иш-чараларды бирге өткөрүүдө легалдаштырылбаган алкоголдук продукциянын 17276 бөтөлкөсү 1669,1 миң сомго алынды.

Алкоголдук продукцияны сатуучу субъекттердин текшерилген саны 855 түздү, 150 бузуулар аныкталды, анын ичинен пландуу жана пландан сырткары 838 текшерүүлөр, 17 текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен болду.

Аныкталган бузуулар боюнча чаралар колдонулду:

169 ишкердик субъекттерге бардыгы болуп 796,8 миң сомдук айыптар салынды.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу