Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 11

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландар - бирдиктүү форматында жазулууда

 

«Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу» долбоордун негизги аракеттеринин бири болуп «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландын» бирдиктүү форматын орто мөөнөттүк жана бир жылдык мезгилдерге иштеп чыгуу болду. Долбоор Талас жана Чуй облустарды камтыйт, жана 2015-2019-жылдар аралыгында ишке ашырылып келет.

«Аталган План жайыт пайдалануучулар бирикмелердин иш-чараларды туура пландоого, жаратылыш ресурстарын аяр колдонууга көмөктөшөт.

«Алгач (2016-жылы) пландар жаңы формат боюнча 16 пилоттук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин базасында түзүлгөн. Долбоордун кийинки жылдарында пландар Чүй, Талас облустарынын бардык 140 бирикмесинде түзүлүп, Райондук агрардык өнүгүү башкармалыктарынын колдоосун таап, айылдык кеңеш тарабынан бекитилген.

«Биринчи кезекте, бул документтерде тѳмѳнкүлѳр аныкталат: жайыттарды башкаруунун артыкчылыктуу маселелери; деградацияга учураган жайыт жерлердин аянттары, түшүмдүүлүгү жана “эс алдыруу” мезгилдери, жайыттарга күч келүүнүн деңгээлин аныктоо жана мезгилдерге карата жайыттардын сыйымдуулугуна жараша малдарды жайланыштырып, өз убагында которуштуруп туруу үчүн мал жаюунун планы жана графиги аныкталды.

«Жайыт комитеттери алгачкы планды иштеп чыгууда жардам гана албастан, келечекте өз алдынча документтерди жазуу жана даярдоого иш жүзүндө үйрөнө алышты.

««Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу» долбоорду ишке ашырууда төмөнкү аткаруучу уюмдар тартылган: КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү жана Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС), Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту, Ветеринардык палата, Райондук агрардык өнүгүү башкармалыктары.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу