Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 8
1144953 3 2x

Айыл чарба министрлигинин 2018-жылдын жыйынтыгына карата коллегасы өткөрүлдү

2019-жылдын 5-февралында  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын жыйынтыгына карата коллегасы өткөрүлдү.
Коллегада министрликтин айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата милдеттери ошондой эле  министрликтин 2019-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө маслеллер каралды.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы А.Жээналиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев, министрликтин жетекчилери, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча очтету угузулду.
Өз ишине шалаакылык менен карап,  берилген тапшырмаларды кечиктирип аткаргандыктары, Стратегиялык документтердеги, программалардагы тиешелүү иш-чараларды толук кандуу аткарбагандыктары үчүн тиешелүү жетекчилерге эскертүү жана сөгүш берилди.
Макроэкономикалык абал 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 102,7 пайызга жетип, анын ичинен мал чарбасы 102.2 пайызды, өсүмдүк өстүрүүчүлүк- 103,4 пайызды, кызмат көрсөтүү-100 пайызды, анчалык, токой жана балык чарбасы-100 пайызга жетип, жалпы областар боюнча өсүү темпи өсүү темпи 102,3 пайызды түзгөндүгү айтылды. Айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышынын көлөмүндө кээ бир түрлөрүнөн аз өндүрүлгөндүгү эске алынып, 2019-жылда толук өлчөмдө аткарууга жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу