Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 7

Республикада 2019-жылга карата жазгы талаа иштеринин даярдыгы тууралуу

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-февралында кабыл алынган № 10-б буйругу кабыл алынды. Аталган буйруктун негизинде 2019-жылдын түшүмүнө сунушталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмү боюнча жер-жерлерде окутуу-семинарлар өтүүдө.
Быйылкы жылы  региондор боюнча адистештирүүгө  өзгөчө көңүл бөлүнөт.       
Быйылкы жылы  региондор боюнча адисдештирүүдө,  ар бир региондогу  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, ошол региондогу рентабелдүү көп киреше берүүчү жана экспортко багытталган  өсүмдүктүн түрлөрүн өстүргөнгө дыйкан-фермерлерге сунуштап жатабыз.
2019-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмүнүн  жалпы аянты 1219,4 миң га түзөт, же өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 миң га кеңейиши болжолдонууда.
Дан өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты орточо 620 миң га деңгээлинде калууда, же жалпы себүү аянтына карата 51,1 % түзөт. Быйылкы жылы баардык дан эгиндеринин себүү аянттары 623,0 миң га түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 6,3 миң га аз күтүлүүдө.  Ошону менен бирге бул мөөнөттүн ичинде кээ бир айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарында өзгөрүүлөр болду.
Алсак, буудайдын себүү аянты 2016-жылы 270,4 миң га аянттан 2018-жылы 253,8 миң га, же 16,6 миң га аянттка чейин кыскарган, 2019-жылы түшүмдүүлүгү төмөн болгон тоолуу аймактардын эсебинен аштык буудайдын айдоо аянты 12,3 миң гектарга  азайып, жалпы 241,5 миң га болжолдонууда.
Ошол эле убакта арпанын себүү аянты 2016 - жылы 184,6 миң га аянттан 2018-жылы 193,1 миң га аянтка чейин же 8,5 миң га көбөйгөн, ал эми быйылкы жылга 5,9 миң га арпанын айдоо аянты жогорулайт.
Ошондой эле жүгөрүнүн даны боюнча 3-жыл  ичинде 3,8 миң га аянтка көбөйгөн. 2019-жылы да 105,8 миң га чейин жетип, 2018-жылга караганда 700 га көп эгилиши күтүлүүдө.
Ал эми чанактуу өсүмдүктөр, негизинен төө буурчак боюнча Талас облусунун эсебинен 56,5 миң га аянттан 61,6 миң га аянтка чейин себүү аянты кескин өскөн, 2019-жылга карата анын аянты 64,2 миң га болжолдонууда.
Техникалык өсүмдүктөрдү себүү аянттарынын да өсүүсү байкалды, же жалпы себүү аянтына карата 3,2 % түзөт. Алсак,  пахтанын аянты  2018-жылы 23,0 миң га пахта эгилип, же 2016 жылга караганда 6,4 миң га өскөн. Быйылкы жылга 25,2 миң га  болушу күтүлүүдө. Ошондой эле  тамекинин себүү аянты үч жылда 200 гектардан 700 га чейин жетти. Ал эми быйыл да 900 га чейин болжолдонууда.
2016-жылдан тартып кант кызылчасынын себүү аянты 11,3 миң гектардан 16,3 миң га чейин  көбөйгөн. Бирок, быйылкы 15,3 миң га чейин  себилиши күтүлүүдө.  
Картошка акыркы 3-жылдары 81,0-84,0 миң га аянттын деңгээлинде калууда. 2019-жылга картошканын аянты 81,2 миң га, же өткөн жылдан 3,2 миң га азайышы болжодонууда. Картөшкөнүн аянттарынын кыскарышынын негизги себеби 2018-жылда  коңшу Өзбекстан, Казахстанда жана Росиияда картөшкөнүн түшүмдүлүгү жогору болуп, баалардын  төмөндөп кетиши менен түшүндүрүлөт.
Ошол эле учурда,   калк арасында жогорку суроо-талапка ээ, жана анын өндүрүүчүсү рыноктук баа үчүн пайдалуу болгондуктан сулунун жана күрүчтүн аянттары өстү.
Министрлик илимий жактан негизделип иштелип чыккан которуштуруп айдоо схемасын жана өсүмдүктөрдү алмаштырып айдоо иштерин жөнгө салуу максатында жердин азыктуулугун сактоо жана көтөрүү, ошондой эле тоют маселесин чечүү багытында көп жылдык чөптөрдүн себилишин көбөйтүүнү сунуштайт. Ошондуктан, быйыл тоют өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 12,2 миң га көбөйүп, жалпы  382,3 миң га  күтүлүүдө.
Жыйынтыгында, быйылкы жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмүнүн  жалпы  себүү аянты 1219,4 миң га түзүп, же өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 миң га кеңейиши болжолдонууда. Мындай көбөйтүү  негизинен аянттардын иштетилбей жаткан жерлердин эсебинен болот.

2017-жылга караганда 2018-жылы мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн аянты 700 га көбөйүп, жалпы
 49,5 миң га жетти  ал эми түшүмдүүлүгү 50,3 ц/га түзүп, өткөн жылдан 1,4 ц/га өстү.
 Быйылкы жылы да мөмө-жемишти өстүрүүгө жана экспортко чыгарууга шарттарды түзүүгө 
өзгөчө көңүл бөлүнүп, интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча атайын концепция 
иштеп чыгылат.

Минералдык жер семирткичтердин камсыздоосу.

Айыл чарбасынын, азык заттардын балансы боюнча 2019-жылы  минералдык жер семирткичтерди эсептик керектөөсү – 395 миң тоннаны, а.и., азоттук - 221миң  тоннаны, фосфордук –162 миң тоннаны жана калийдик– 12 миң тоннанын түзөт.
Орточо эсеп менен, республикага жыл сайын 120 дан 140 миңтоннага чейин  минералдык жер семирткичтерди, анын ичинен: 100 -115 миң тонна азоттук жана 20-25 миң тонна фосфордук-калийдик жер семирткичтер ташылып келет, ал минералдык жер семирткичтерди керектөөнүн  30-35 % түзөт.
Министрлик тарабынан минералдык жер семирткичтерди ташып келүүчү фирмалар менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат.
Министрлик менен  Жер семиркичтерди ташып жеткирүүчүлөр Ассоциясы ортосунда Келишим түзүлдү. Минералдык жер семирткичтерди ташып келүүчү фирмалардын билдирүүсүнө ылайык, өзбекстан тарабынан тоскоолдуктар болбосо,быйылкы жылы көйгөйлөр болбойт.
Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарын эрте жазда кошумча  азыктандырууга бул фирмалар аркылуу  азоттук минералдык жер семирткичтерди республикага алып келе башташты.
Республикадагы өткөн жылдагы калдыктарды эске алуу менен учурда 35,5 миң тоннадан көбүрөөк жер семирткич бар: Баткен облусунда–3,8 миң тонна, Жалал-Абадда-8,0 миң тонна, Ош облусунда -12,0 миң тонна, Чүй облусунда – 11,3миң тонна жана  Талас облусунда – 300 тонна бар.

Үрөндөр боюнча.

2018-жылы жаздык айдоо үчүн- 60,7 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү же керектөөнүн 99,4% даярдалган, анын  49,7 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүнүн себүү сапаты текшерилип, алардын 48,8 миң тоннасы же керектөөнүн 81 пайыз кондицияга жеткирилген. Ал эми башка айыл чарба өсүмдүктөрү негизинен керектөөнү толугу менен камсыздалып керектүү үрөндүк материалдар дээрлик кондицияга жеткирилген.
2019-жылдын 29-январына даярдалган  алдын ала маалымат боюнча  жазгы себүүгө 29,2 миң  тонна буудайдын үрөнү керектелет, топтолгону  24,6 миң тонна же керектөөнун 84,2%, арпа - 35,9 миң тонна керектелсе, топтолгону 31,4 миң тонна же керектөөнүн 87,6% түзөт. Быйылкы жылы керектөөнүн 82 пайыз кондицияга жеткирилет.
Жетишпеген үрөн мамлекеттик үрөн фондусуна топтолгон  үрөндүн эсебинен, дыйкан-фермерлердин колундагы үрөнү менен  камсыздалат. Андан тышкары, үрөн чарбаларда эркин сатууга  койгон  918,0 тонна жазгы буудайдын, 1050,0 тонна жазгы арпанын, 21 тонна жүгөрүнүн, 977 тонна картошканын, 20 тонна беденин, 41тонна эспарцетин, 3,0 тонна сулунун үрөндөрү бар.

Мындан сырткары донордук жардам катары Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1,2 долбоору” аркылуу айыл жергесиндеги  аярлуу уй-бүлөлөрдүн топторун колдоо максатында, 2019-жылдын жазгы себүү сезонуна, республиканын баардык облустарына жалпы 192,0 тонна сертификатталган биринчи репродукциядагы арпанын, 6,0 тонна беденин жана 22,0 тонна эспарцеттин үрөндөрү жана  290,0 тонна аммофос минералдык жер семиркичтери берилет.
Ошондой эле  бул долбоор  аркылуу дыйкандар үчүн 28,0 даана үрөн тазалоочу машиналарды сатып берилет.
Андан тышкары, кант кызылчасын үрөнүн “Каинды-Кант” ААК Европа мамлекеттеринен алып келип айылдык кант кызылчасын өндүрүүчүлөргө келишимдердин негизинде товардык кредит түрүндө жылдагыдай таратып берет. Ал эми пахтанын жетишпеген үрөнүн жергиликтүү ишкерлер башка мамлекеттерден алып келишет.

Суу чарбасы боюнча.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы  жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаменти боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 178,4  млн.сом каралып, төмөнкү ремонттук иштердин көлөмүн аткаруу каралган: 
- чарбалараралыкканалдардыоңдоо – 384,9 км, баардыкболгону 5793,7 км; 
- чарбалараралыкканалдардытазалоо – 529,9 км; 
- гидротехникалыккурулмалардыоңдоо – 1126 даана, баардыкболгону 7659 даана;
- сууөлчөөчүпосттордуоңдоо - 1118 даана, баардыкболгону 3238 даана; 
- насостукстанциялардыоңдоо - 100 даана, баардыкболгону 112 даана;  
- скважиналардыоңдоо – 15 даана, баардыкболгону 88 даана
Аткарылышы боюнча: 2019-жылдын 31-январына карата 38,7 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, план боюнча 178,4 млн. сом, же 22 % түздү;  
-  89,9 км каналдар оңдолуп, план боюнча 384,9 км, же 23 %; 
- 106,1 км  чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос) тазаланды, план боюнча 529,9 км же 20 %; 
-257 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1126 же 23%;
- 253 даана суу өлчөөчү посттор оңдолгон, план боюнча 1118 же 23 %;  
- 23 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 100, же 23%;
-3 даана скважиналар оңдолгон, план боюнча 15 даана, же 20 %.
Баардыгы болуп суу чарба курулмаларын сугат мезгилине карата өз убагында даярдоодо 27 даана ар түрдүү эксковаторлор, 17 даана бульдозер, 11 даана тракторлор, 8 даана автокран, 60 автомашина 2 даана фронталдык жүктөгүч жана 635 жумушчу  иштеп жатат.
2019-жылдын вегетация мезгилине суу чарба объектилерин даярдап бүткөрүү графиги:

  • Орто-Токой, Киров, Папан жана Орто-Токой (Касансай) суу сактагычтарда 2019-жылдын 10-апрелинде;
  •  Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 10-апрелинде;
  • Чүй жана Талас облустарында 20 апрелинде;
  • Нарын жана Ысык-Көл облустарында 1-майда бүткөрүлүүсү белгиленген.

Айыл чарба техникасы.

Учурда Республиканын бардык облустарында тракторлорду, себүүчү жана жер иштетүүчү айыл чарба техникалардын ремонтун уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Себеби кыштын жеңил болушуна байланыштуу жана жаздын эрте келиши боюнча табыйгаттын белгилерин байкаган чарбакер субьектилер айыл чарба техникаларын эртереек даярдашууда.
Аймактардан алынган маалыматтар боюнча быйылкы жылы айыл чарба техникаларынын жазгы айдап себүү жумуштарына катышуусу болжол менен 85-90% болуусу күтүлүүдө.  Бул көрсөткүч былтыркы жыл менен салыштырганда бирдей деңгээлде. Алып айтсак бүгүнкү күндө тракторлордун даярдыгы 66 %, соколордун даярдыгы 67 %, сепкичтердин даярдыгы 63 %, малалардын даярдыгы 70  % түзүүдө.
Азыркы мезгилде айыл чарбасындагы машина-трактордук паркты жаңылоо жана модернизациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын кабыл алынган чечимдердин жана иш-чаралардын натыйжасында  2011-жылдан бери 3000 ашуун айыл чарба техникалары республикага алып келинген.
Анын ичинен2019-жылдын 1-январына карата бардык иштеп жаткан лизингдик кредиттик долбоорлор боюнча айылдык субъектерге  жалпы баасы 3278806289 сомго- 2597 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары, анын ичинен1954 даана тракторлор, 108 даана комбайндар, 488 даана чиркеме жана асма айыл чарба машиналары жана 47 даана атайын техникалар берилген. Анын  2018-жылы эле 643,2 млн. сомго барабар болгон 338 даана айыл чарба техникаларын лизингке  берилип, анын ичинен 199 даанасы тракторлор, 13 даанасы комбайндар жана 123 даанасы айыл чарба машиналары лизингке берилген.   Ал эми 2019-жылга жалпы 350 даанаайыл чарба техникалары лизингке берилиши күтүлүүдө.
Мындан сырткары 1995-жылдан 2011-жылга чейин Жапон, Кытай мамлекеттеринин гранттарынын эсебинен жана башка донорлордун эсебинен 5000 ден ашык ар кандай маркадагы айыл чарба техникалары алынып келинген.
Республикабыздагы  машина-трактордук парктын жаңылануусу бир жылга 1,0-1,5 % пайызга барабар болуп, бул көрсөткүч норматив боюнча талап кылынган 5-6% пайыздык көрсөткүчтөн бир кыйла төмөн болуп, бул багытта министрлик иш-чараны күчөтүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Күйүүчү майлоочу материалдар.
2019-жылдагы жазгы айдап себүү  иштери үчүн 39,1 миң тонна дизелдик отун талап кылынат, анын бүгүнкү күнгө 35,5 пайызы камсыз болду. Дизелдик отундун орточо баасы -1 литри 46,8 сомду түзүүдө.
Аталган маселе боюнча министрлик менен Нефтетрейдерлер ассоциациясы 2019-жылга  өз ара кызматташуу Келишимине  15-январда кол коюулду. Келишимдин  шарты боюнча Нефтетрейдерлер ассоциациясына нефтебазаларда жана  май куйуучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын топтолушун жана май куючу жайларда дайыма  камсыз кылышы күтүлүүдө.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу