Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 6
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда экспорт маселесинде эч кандай чектөө жок

Кыргыз Республикасынан Айыл чарба тамак аш, өнөр жайы жана мелиорция министрлиги тарабынан Өзбекстанга картошканы экспорттоо боюнча бир канча ирет сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө 73 Өзбекистандын экспортточуу субъектилерине 145 миң тонна картошкага квота каралгандыгын Өзбек тарап билдирген.

2018-жылдын 2-ноябрында Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзбекистандагы Элчилигинде өзбек тараптын ишкерлери жана кыргыз тараптардын картошка өндүрүүчүлөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз тараптан сунушталган картошканын баасы Өзбек тарапка туура келбегендиги айтылган. Бүгүнкү күндө Өзбекстанга картошканы экспортоодо эч кандай тоскоолдук жок экендигин билдиришүүдө.

Министрликте кеңешмеде аймактардагы ири картошка өндүрүүчүлөр ЖЧК “Экспресс-Маркет” аркылуу Түркменистанга картошканы экспорттоого мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги айтылган. “КыргызЛенд” экспорттоочулар жана импорттоочулар Ассоциациясынын, Түркменистан тарап менен 60,0 миң тоннага түзүлгөн келишимдин негизинде, Түркменстанга картошканы сатуу башталып, биринчи ирет 44 тонна экспортко жөнөтүлдү.

Учурда картошка Казахстанга, Өзбекистан жана Түркменистанга экспорттолуп жатат. Экспорт маселесинде эч кандай тосколдуктар жана чектөөлөр жок.

Оперативдүү маалыматтарга таянсак, 2019-жылдын 1-февралына карата республика боюнча экспортко чыгарууга болжолдуу 70 миң тонна картошка бар.

2018-жылы картошканын дүң жыйымы 1446,6 миң тоннаны түзүп 2017-жылга салыштырмалуу 30.6 миң тоннага жогору болгон. 2017-жылы картошканын себүү аянты 83 миң га түзсө, 2018-жылы 84,4 миң га аянты себилген. 2017-жылга караганда 2018-жылы картошка 1,4 миң га аянтка көп себилген. Мурунку жылдарга салыштырмалуу картошканын себүү аянты көп өзгөргөн жок.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу