Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Үчтүн айынын 25
Баткен облусунда Кыргызагробиоборбору “Ачык эшик” күнүн өткөрдү

2019-жылдын 24-январында Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Кыргызагробиоборборунун Баткен регионалдык биофабрикасы, “ЖИА” ассоциясынын колдоосу менен жергиликтүү дыйкан-фермерлери үчүн “Ачык эшик” күнүн өткөрүштү. Иш-чарага Министрликтин алдындагы Кыргызагробиоборборунун адистери, Баткен регионалдык биофабрикасынын өкүлдөрү, “ЖИА” ассоциясынын өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышты. Семинардын жүрүршүндө адистер органикалык, экологиялык айыл чарба азыктарын өндүрүү технологиялары жөнүндө жана биопрепараттарды колдонуу менен айыл чарба азык-түлүктөрүн зыянкечтерден коргонуу жөнүндө дыйкандарга айтып беришти. Мындан сырткары биожерсемирткичтерди колдонуу боюнча талкуу болду. Иш-чаранын жыйынтыгында жергиликтүү дыйкан-фермерлер тарабынан көп суроолор берилип, адистер жеткиликтүү жооп беришти.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу