Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Сентябрь, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Үчтүн айынын 17
1144953 3 2x

Эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүү боюнча 2018-жылдын жыйынтыгына карата маалымат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарба, асыл тукум иштери жана илим саясатын өнүктүрүү бөлүмү, 2018-жылдын жыйынтыгына карата мал чарбачылыгынын азыктуулугун өндүрүү жөнүндө маалымат сунуш кылат.

Эт өндүрүү. 2018-жылдын аягына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында 403,3 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү 8,2 миң тоннага, же 2,1 пайызга өткөн жыл менен салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Белгилей кетчү нерсе 2018-жылдын январь-декабрь айында республиканын бардык облустардагы чарбалар этти көбүрөөк өндүргөн.

Республикада эт өндүрүүнүн жогорулашынын негизги себеби малдардын башынын көбөйүшү болуп эсептелинет. 2017-жылдын аягына карата ири мүйүздүү малдарынын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 47,6 миң башка өскөн, кой жана эчкинин саны 55,2 миң башка, чочконун саны 1,0 миң башка, жылкынын саны 14,0 миң башка жана үй канаттуулардын саны 236,8 башка көбөйүшү болуп эсептелинет. 

Сүт өндүрүү. 2018-жылдын январь-декабрь айында республика боюнча 1589,7 миң тонна сүт өндүрүлдү, 33,5 миң тонна, же болбосо 2,2 пайызга мурунку жылга караганда сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Республика боюнча сүт өндүрүү көлөмүнүн өсүшүнүн негизги себеби саан уйлардын саны 19,8 миң башка көбөйүшү жана 1 уйдан саалган орточо саан 0,2 кг көбөйүшү болуп эсептелинет.

Сүт өндүрүү республиканын Талас облусунан башка облустарындагы чарбаларында көбөйгөн. Алсак, Республикада сүт өндүрүүнүн эң жогорку өсүү темпи Баткен (104,1%), Ысык-Көл (103,7%) жана Джалал-Абад (103,4%) облусундагы чарбаларда байкалат.

Талас облусунда былтыркы жыл менен салыштырмалуу сүт өндүрүү 1,2 пайызга же 936 тоннага азайган.

Облуста сүт өндүрүүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби саан уйлардын башы 344 башка азайышы болуп эсептелинет.

Жумуртка өндүрүү. 2018-жылдын аягына карата республикада 533242 миң даана жумуртка өндүрүлүп, же былтыркы жылга салыштырмалуу 22566 миң даанага же 104,4 пайызга көбүрөк болгон.

Республиканын бардык облустарда жумуртка өндүрүнүн жогорулашы байкалат.

Жүн өндүрүү. 2018-жылдын 12-айында республика боюнча 12798 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы жылга салыштырмалуу 179 тоннага көбүрөөк. Республиканын бардык облустарда жүн өндүрүнүн жогорулашы байкалат.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу