Айыл чарба министирлиги: Фитосанитардык сертификатсыз экспорттолуучу продукциялар кайра кайтарылат же жок кылынат!
2019-жылдын 25-февралында Новосибирскке Кыргызтандын кургатылган жер-жемиштерин, төө буурчагын, жаңгагын жана нокотун жүктөп бараткан унааны фитосанитардык сертификаты жок деген кине менен Орус-Казак мамлекеттик чек арасындагы "Карасук" көзөмөл постунда артка Кыргызстанга кайтарган деген маалымат ЖМКларга жарыяланган. Жүктүн ээси административдик жоопкерчилигин алат.
Дүйнөлүк экономикалык иш-алып баруучулар, экспортчулар жана жүк ташуучулардын өкүлдөрүнө талаптарды аткарууга жана фитосанитардык сертификатсыз экспорттолуучу продукциялар кайра кайтарылат же жок кылынаарын дагы бир ирет эскертет.
Айыл чарба азык-түлүктөрүн коопсуздугу боюнча фитосанитардык сертификаты жок экспортоочулар өзүлөрүнө жана мамлекетке экономикалык жактан зыян алып келип жатканын баса белгилеп кетебиз.