Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Июль, 2008 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Чын куран 23

Жалал-Абад облусунда чегирткелерге каршы күрөшүү жүргүзүлүүдө

 

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда зыяндуу чегирткелерди изилдөө иштерине Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин адистери тарабынан ыкчам топтор түзүлүү менен масштабдуу изилдөө жана чегирткеге каршы күрөшүү иштери журуп жатат. Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин 8 даана Toyota Hilux үлгүсүндөгү авто унаалары атайын жабдыкталып, ортонулган уу чачкычтары менен жөнөтүлгөн. Бул техникалардын күнүмдүк өндүрүмдүүлүгү 200-400 га чейин жер аянтты түзөт. Кошумча дагы 3 даана жабдыкталган Toyota Hilux унаалары жөнөтүлүүдө.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 22

2019˗жылдын   1 кв. жыйынтыгы боюнча жалпысынан суммасы 602,9 миң сомду түзгөн 8728 бөтөлкө алкоголдук продукциясы мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды


 

Мамлекеттик көзөмөлдүн алкагында алкоголдук продукциянын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө жана өндүрүүсунө бөгөт коюу боюнча иштер жасалууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын өндүрүүсүнө жана жүгүртүүсүнө көзөмөлдү күчөтүү боюнча биргелешкен иш˗чаралардын планы бекитилди.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 19

Кыргызстан менен Түркия айыл чарба багытында кызматташууну өнүктүрөт



Бүгүн 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Ураимович жана министрликтин адистери, Кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) вице-президентти  Рахман Нуруддуна жетектеген делегация менен жолукту.

Жолугушууда эки тарап айыл чарба багытында мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү,  кооперацияларды ирилештирүү, тамак-аш коопсуздугу жана заманбап айыл чарба технологияларды колдонуу,  тажырыйба алмашуу ошондой эле айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо-импорттоо жөнүндө талкуулашты.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 16

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө жана жүгүртүүдө  көзөмөлдөө боюнча системалуу иш жүргүзүлүүдө

 

Жөнгө салуу

2019-жылдын I кварталында алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) 203 даана лицензия берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2015-жылдын 27-майындагы №327 токтому менен бекитилген лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн «Голд Вайн Алкоплюс» ЖЧКнын (кальвадос, шарап, бренди) лицензиясы убактылуу токтотулду.

Алкоголдук тармакта 45 ɵндүрүш мекемелери иш жүргүзгɵн, анын ичинде: 5 спирт заводу, 6 арак заводу, 15 сыра жана 19 шарап өндүрүүчү ишканалар.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 15

БАЭ  Кыргызстандан чыккан  эт азыктарына  кызыкдар

 

Бүгүн КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Бириккен  Араб Эмираттарынан келген делегация менен жолугушту.

Делегацияны БАЭнын Климаттын жана айлана-чөйрөнүн  өзгөрүү министрлигинин алдындагы  жаныбарлардын ден соолугу департаментинин башчысы  Шейх Мажид Аль Кассими баштап келген. Андан тышкары делегациянын курамында  ветеринариянын докторлору Мерват Мари Аль Нуаймат айым жана Талаат Абдулмажид Хамид мырза да коштоп келишкен.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 10

2019-ж. 10-апрели

Жайыт акысы 2018-жылы 24 миллион сомго көп жыйналды

 

2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы жайыт пайдалануу үчүн чогулган каражат 24 миллион сомго көбүрөөк же 152 млн сомду түздү. Бул туралуу “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” жана “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоорлорунун аткаруучу агенттиги, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн шериктеши Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти билдирди. (Кеңири диаграмманы караңыздар).

Кененирээк

[1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]   ...   10   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу