Пром. переработка

2015-жылдын январь-декабрь айларында Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай тармагынын ишмердүүлүгү тууралу аналитикалык маалымат.

2015-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары өндүргөн продукция учурдагы баа менен алдын ала маалыматтар боюнча 21953,1 млн.сомду, физикалык көлөмдүн индекси 93,1% түзгөн, анын ичинде тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктары  21509,2 млн.сомду, физикалык көлөмдүн индекси (мындан ары текст боюнча ф.к.и.) 93,3% түзгөн.
Отчеттук мезгилдеги тамак аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын продукциясынын өсүшү төмөнкү тармактарда камсыз болгон: алкоголсуз ичимдиктердин өндүрүүсү 7,9%ке, эт жана эт азыктары – 14,5 %, макарон чыгарууда – 30,4%; кант өндүрүүдө – 20,0% жана чай чыгарууда 2,6% былтыркы жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу өскөн.
Региондор боюнча отчеттук мезгилде тамак-аш (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктарынын жалпы көлөмүнүн 40,0%дан көбүрөөгүн өндүргөн Чүй областында 2,1%ке, Ысык-Көл областында – 6,8%; Ош областында – 1,2%; Нарын – 1,1 %, Ош шаарында – 26,3%ке 2014 – жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу өскөн жана Жалал-Абад областында ф.к.и. 100,4% түзгөн.
2014 – жылдын январь-декабрь мезгилине салыштырмалуу тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктарынын азайышы Бишкек шаары боюнча (тамак-аш азыктары жана тамеки азыктарынын жалпы көлөмүнүн 40,0% ашыгыраак өндүрөт) - 17,6%ке, Баткен областында – 9,3%; Талас областында – 8,3% ке байкалат.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын продукциясынын көлөмүнүн азайышы былтыркы жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу тамак-аш продукцияларын өндүрүү 4,4%га  жана суусундук продукциясын өндүрүү 12,1%га азайганы менен байланыштуу.
Сүт жана сүт азыктарын чыгаруучу тармакта ф.к.и. 93,9% түзгөн; былтыркы жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу чалган (сливочный) май 2,1 миң тонна өндүрүлүп, өсүү темпи – 95,5%, бал муздак –3,2 миң тонна, өсүү темпи – 94,6% түзгөн.
Сүт жана сүт азыктарын чыгаруучу тармакта продукциянын көлөмүнүн азайышы Казахстан жана башка өлкөлөргө сүт жана сүт азыктарын экспорттоого бөгөт коюлганы менен байланыштуу.
Ун акшак тармагында ф.к.и. 79,9% түзгөн. Отчеттук мезгилде 243,3 миң тонна ун, же былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине карата көрсөткүчтүн  76,8 %  өндүрүлгөн.
Ундун өндүрүлүшүнүн көлөмүнүн азайганы, республиканын ички азык-түлүк керектөө базары  казахстандык арзаныраак ун менен толтурурулуп, ата-мекендик ундун сатылышынын азайгандыгы болуп турат.
Нан бышырууда, ундан жасалган узак мөөнөткө сакталбаган кондитердик азыктардын өндүрүлүшүнүн ф.к.и. – 93,7% түздү. Нан – 63,2 миң тонна өндүрүлүп, өсүү темпи – 93,8%, торттор жана узак мөөнөткө сакталбаган ундан жасалган кондитердик азыктар – 3,25 миң тонна, өсүү темпи – 93,5%ти түздү.
Жашылча-жемиш тармагында ф.к.и. 2014-жылдын 80,0% түздү, жашылча жана жемиш ширелери – 8744,5 миң литр өндүрүлгөн, өсүү темпи –77,0% түздү. 3184,3  тонна жашылча жемиш кайра иштетилди, өсүү темпи – 74,6 % түздү.
Дистирленген (тазаланган) алкоголдук ичимдиктер, спирттерди тазалоо жана купажированиеси 68,5% түздү, арак 8865,5 миң литр өндүрүлүп, өсүү темпи – 68,7% түздү жана былтыркы жылга салыштырмалуу этил спирти – 5250,1 миң литр өндүрүлүп, өсүү темпи- 70,7%га камсыздалды;
Сыра бышырууда – 97,0%, же сыра 26293,9 миң литр өндүрүлүп, өсүү темпи былтыркы жылга салыштырмалуу – 97,0% түзгөн.
Тамеки тармагында ф.к.и. болгону 40,2 % түздү; ферменттелген тамекинин өндүрүлүшү 4,6 миң тоннаны түзүп, өсүү темпи 82,3 %ке камсыз болгон. Пахта буласын өндүрүүдө ф.к.и. 75,2% түздү, пахта буласы 13,3 миң тонна, өсүү темпи – 75,2% түздү.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок