Республикада 2018-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын жазгы талаа жумуштарынын жыйынтыктоо отчету боюнча 2018-жылдын түшүмү үчүн Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары төмөндөгүдөй:
2018 жылы бардык чарбалык категория боюнча жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1214,9 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 8,3 миң га, же 0,7% жогору болду.
Мындан тышкары, күздүк себүү аянттары өткөн жылга салыштырганда 11,6 миң гектарга көп болгон же 7,9% өскөн,
Ошондой эле, көп жылдык чөптүн аянттары өткөн жылга караганда 8,0 миң га, же 2,5 пайызга жогорулаган.
Дан эгиндин себүү аянттары (чанактууларды, күрүчтү, кара күрүчтү жана гречиханы) эсептебегенде 553,4 миң гектар болуп, өткөн жылга салыштырганда 8,2 миң гектарга, же 1,5 пайызга көбөйгөн, анын ичинен:
-буудай 253,8 миң гектарга себилип, 3,9 миң гектарга, же 1,6 % көп;
-арпа 193,1 миң га, же 0,4 миң га, же 0,2 пайызга көп себилди;
-дандык жүгөрүнүн аянты 3,7% жогорулап,105,1 миң га түздү;
Ал эми чанактуу өсүмдүктөрдүн аянты 61,6 миң га түзүп, өткөн жылга караганда 2,8 миң га же 4,8 пайызга жогору болду;
-картөшкө 84,4 миң га, же 1,7 пайызга көп;
-пахтанын аянты дагы 2,5 миң га, же 12,0 пайыз жогору;
-тамеки 0,1 миң га, же 12,6 пайыз түздү
Алэми кант кызылчанын себүү аянтты – 1,0 миң га кыскарып, же 6,0 пайыз төмөдөгөн,
Май өсүмдүгү – 4,3 миң га азайып, же 12,6 % төмөдөгөн.