Новость 11 августа

Ысык-Көл облусунда Ак-Суу мамлекеттик сорт сыноо станциясыда “Айыл чарба негиздери” аттуу Эл аралык семинар өткөрүлдү

         2017-жылдын 1-августунан 5-августуна чейин Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын башкаруунун интеграциялык системасы тууралуу AFACI долбоорун ишке ашыруу максатында “Айыл чарба негиздери” аттуу Эл аралык семинар өткөрүлдү. Ага Бангладеш, Бутан, Камбоджа, Индонезия, Кыргызстан, Лаос, Монголия, Мьянма, Непал, Филиппины, Шри-Ланка, Таиланд, Вьетнам жана Түштүк Корея болуп 14 мамлекеттин өкүлү катышты. Иш-чара Корея Республикасынын Айыл аймактарын өнүктүрүү администрациясынын AFACI жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан уюштурулду. Семинардын башкы максаты сарамжалдуу пайдалануу үчүн өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын эффективдүү башкаруу алкагында тажрыйба жана маалымат алмашуу аркылуу мамлекеттер аралык өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Подробнее
Новость 11 августа

Пресс-релиз.
С 1 по 5 августа 2017 года проведен Международный семинар «Основы сельского хозяйства» в рамках реализации проекта AFACI – Интегрированная система управления генетическими ресурсами растений (IMPGR), где принимали участие представители 14 стран: Бангладеш, Бутан, Камбоджа, Индонезия, Кыргызстан, Лаос, Монголия, Мьянма, Непал, Филиппины, Шри-Ланка, Таиланд, Вьетнам и Южная Корея. Мероприятие было организовано Руководством AFACI Администрации развития сельской местности Республики Корея и МСХППиМ КР. Семинар был нацелен на укрепление партнерства и сотрудничества между странами посредством обмена знаниями и информацией в области эффективного управления генетическими ресурсами растений для устойчивого использования на основе сбора, регенерации, характеристике и охране.

Подробнее
Новость 10 августа

Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын аткарылган иштер боюнча маалыматы

         Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармасы 2017-жылдын айдап себүү иштерине керектелүүчү 179 тонна пахта үрөнү, 72 тонна жүгөрү үрөнү,  5307 тонна картошка, 2,0 тонна күнкарама, 1300 кг ашык дарбыз үрөнү даярдалган.
Мындан сырткары 562 тонна дизелдик отун, 27 тонна дизелдик май, 87 тонна бензин, 11 тонна автол керектелүүсү керек болсо районубуздун аймагында май куйуучу заправкалар тарабынан күнүмдүк керектелүүчү күйүүчү жана майлоочу материалдар менен камсыз кылып келүүдө. Минералдык жер семирткичтер менен жеке ишкерлер камсыз кылууда.
Жазгы талаа жумуштарына карата 456 даана бардык маркадагы тракторлор болуп,  94 даана культиватор, 61 даана сеялка, 145 даана барана, 118 даана соколор 75 пайыз ремонттолуп иштеп жатат.

Подробнее
Новость 10 августа

В Экспериментальной биофабрике Кыргызагробиоцентра организован цех по производству биогумуса
В Экспериментальной биофабрике Кыргызагробиоцентра организован цех по производству биогумуса с использованием “Калифорнийских червей”.
Пока мощность производства биогумуса Экспериментиальной биофабрики составляет в месяц около 15 тон,по предварительным подсчетам в год производство биогумуса  достигнет  более 150 тонн.

Подробнее
Новость 10 августа

Биогумус өндүрүү боюнча цех уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация мининстрлигинин Кыргызагробиоборборунун Эксперименталдык биофабрикасында “Калифорния сөөлжандарын” колдонуу менен Биогумус өндүрүү боюнча цех уюштурулду. Азырынча биофабрикада биогумус жылдын жылуу мезилдеринде айына 15 тоннадан, бир жылда 150-170 тоннадан өндүрүлүп, Чүй областынын дыйкан-фермерлери алдын ала камсыз буюртма берүү менен, сапаттуу органикалык жер семирткич менен камсыз болот.

Подробнее
Новость 9 августа

Үлгүлүү жетекчи
Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Орозбек Үметалиев аз убакыт болсо дагы элдин камын ойлоп, пайдалуу иштерди жасаганга жетишкен. Военно-Антоновка айыл аймагынын айыл өкмөтү жайыт комитети менен биргеликте раскол(малды вакцинациялоочу жер) курушуп, бүгүнкү күндө жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүдө. Мал убагында дарылансын деп курулган расколго 300-400 мал башын дарылашат.

Подробнее
Новость 9 августа

“Айлана” ЖЧКнун 48 томат өстүрүүчүлөрүнүн 329 га аянтында экологиялык таза томат жыйноого даярдалып жатат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробио борборунун адистери 2017-жылдын май айынын аягынан баштап “Айлана” ЖЧКнун агрономдору менен бирдикте Чүй облусунун Москва, Сокулук, Жайыл Панфилов райондорундагы “Айлана” ЖЧКнун томат өстүрүүчү өнөктөштөргө экологиялык таза томат өстүрүүнүн технологиялары жөнүндө теориялык-практикалык окуулар өткөрүлдү.

Подробнее

[пред]  [1-7]  [8-14]  [15-21]  [22-28]  [29-35]  [36-42]  [43-49]  [50-56]   ...   68   [след] [показать все]


Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок