Новость 27 июня
1144953 3 2x

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин
2016-жылдын 24-июнга карата республика боюнча жер семирткичтер жана пестициддер менен камсыздалышы жана зыяндуу организмдерге каршы күрөшүү боюнча маалыматы

2016-жылдын жазгы талаа жумуштарына республика боюнча айдоо аянттарына керектелүүчү азоттук минералдык жер семирткичтердин көлөмү 200,0 мин тоннаны түзөт.
Республикага 2016-жылдын 24-июнга карата 78,6 миң тонна жер семирткичтер алынып келген, камсыздуулук 39,33 % түзөт. 
Азыркы учурда жеке менчик фирмалар жазгы талаа жумуштарына керектүү жер семирткичтерин - аммиак селитрасын,карбамидди жана аммофосту - республиканын түндүгүнө Кара-Балта, Шопоков,Бишкек шаарларына - Россиядан ААК “СДС Азот”, жана Казакстандан ТОО “КазАзот” , “КазФосфат” заводдорунан, алып келет.
Бишкек, Кара-Балта, Шопоков жана Ош шаарлары - жер семирткичтердин негизги ташып келуу пункттары болуп саналат, жана ал жактан республиканын башка аймактарына тарайт. Айта кетсек, МЖСти жугуртуу чек-арадагы соода менен да толукталат (Талас жана туштук облустары).
Мамлекеттик материалдык резерв фонду  аркылуу бардыгы болгону 15246 тонна жер семирткичтер түштүк регионуна алынып келинген. Минералдык жер семирткичтер, Мамлекеттик материалдык резерв фонду берген маалымат боюнчатуштуктөн түндүккө -1350 тонна автотранспорт менен жеткирилген. Анын ичинен 24.06.2016 ж. – 685,85 тоннасы  сатылды, 664,2 тонна складдарда турат.
25- мартан баштап минералдык жер семирткичтерди сатууну Өзбекстан тарап белгисиз себептер менен ММРФке жана жеке фирмаларга мурда түзүлгөн контрагына карабай убактылуу токтотушкан.
Азыркы учурда, ММРФ тарабынан мурда төлөнгөн 66 вагон же 4158 тонна көлөмүндө жалпы баасы 842 миң АКШ долларга минералдык жер семирткичтер жеткирилип берилет, анын ичинен 1890 тонна аммиак селитрасы жана 2268 тонна карбамид. Кийиинку жумада Баткен облусунун Кызыл-Кыя станциясына 1260 тонна аммиак селитрасы, 1260 тонна карбамид алынып келинет.
Республика боюнч 2016-жылдын  24-июньга карата күздүк дан эгиндердин азоттук жер семирткичтер менен азыктындырылган аянт – 123 мин түздү,  пландын 88 %.
2016-жылга карата пестициддерге болгон керектөө эсеби. 2016-жылга карата пестициддерге болгон керектөө эсеби – 558,5 тоннаны түзсө, 24-июнга карата 421,1 тонна базалардын жана чарбалардын складдарында бар, же б. а. камсыздуулук75,4 %ди түздү.
Анын ичинен үрөн ууландыргычтарга керектөө – 43,48 тонна, камсыздуулук – 36,98 тонна, же 85,1 %, гербициддерге керектөө - 296,1 тонна, камсыздуулук – 185,9 тонна, же 62,8 %, инсектициддерге керектөө – 163,8 тонна, камсыздуулук – 144,4 тонна, же 88,2 %, фунгициддерге болгон керектөө – 55,2 тонна, камсыздуулук – 53,9 тонна, же 97,6 % (2 - тиркеме).
Жаздык кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүнүн ууландыруу планы республика боюнча 46,0 миң тонна үрөн болсо, бүгүнкү күнгө карата 34,8 миң тонна үрөн ууландырылды, же б.а. пландан 76 %ин түздү. (3, 4- тиркеме).
Отоо чөптөргө каршы химиялык иштетүүлөр171201 гектарда жүргүзүлүп, а. и. күздүк кылкандуу дан эгиндеринде - 65526 га, жаздык кылкандуу дан эгиндеринде – 39854 га, жашылча-жемиштерде -7882 га, кант кызылчасында - 3306, көп жылдык чөптөрдө -145 га картошкада – 6150га, жүгөрү - 25174 га. чанактуу дан эгиндери -17828 га. пахта-2520 га, куруч-2616 га. э(5 - тиркеме).
Зыянкечтер жана илдеттерге каршы химиялык иштетүүлөр бүгүнкү күнгө карата 132132 гектарда жүргүзүлүп, а. и. мөмөлүү бактар гүлдөгөнгө чейин – 13145 га жана гүлдөгөндөн кийин 18212 гектарда, жашылча-жемиштерде-12767 га, көп жылдык чөптөрдө – 27696 га, дан эгиндеринде – 16540 га, картошкада – 34346 га, бахча – 3511га, май берүүчү өсүмдүктөрдө -125 га, жүзүм-193 га,пахта-2800 га, төө буурчак -677 га. (6 - тиркеме).
Жаан-чачындын көп жаашы жана нымдуулуктун көп болушу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар-кандай илдеттеринин (анын ичинен дат (ржавчина), жалган ак кебер (ложная мучнистая роса) ж. б.) көбөйүүсүнө жана кеңири таркалуусуна алып келет. Аталган шарттарды эске алып, ДХЗРдин район жана облустагы адистери кеңири масштабдуу изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө. Бүгүнкү күнгө ташып келүүчү фирмалар тарабынан фунгициддер республика боюнча жетиштүү өлчөмдө ташылып келинген, жана баалары 1 литр/кг – 600-800 сомду түзөт (же башкача айтканда 1 гектарга орточо 300-500 сомдун дарысы сарпталат).
Америкалык ак көпөлөккө каршы Чүй облусу боюнча изилденгени - 751 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы - 520 га, иштетилгени – 219 га.
Чүй району боюнча изилденгени - 22 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы - 15 га, иштетилгени – 15 га.
Аламудун району боюнча изилденгени - 14 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы - 4 га, иштетилгени – 4 га.
Москва району боюнча изилденгени - 715 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы - 501 га, иштетилгени – 200 га.

 

Зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү чаралары боюнча маалымат.
Республика боюнча зыяндуу чегирткелерге изилдөө 62921 гектарда жүргүзүлүп, анын ичинен химиялык иштетүүгө жатат деп табылган аянт 50381 гектарды түздү. Бүгүнкү күндө 49821га аянт микронерлер(4) тракторлор (5) жана учактар (1) менен иштетилди.
Жалалабад облусу боюнча изилденгени -36067 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 28001 га, иштетилгени – 28001 га (микронерлер менен - 23751га, тракторлор менен- 4250 га).
- Аксы району боюнча изилденгени - 25160 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы– 18400 га, иштетилгени – 18400 га (14150 га – микронерлер,4250 га - тракторлор менен).
- Ноокен району боюнча изилденгени - 9987 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 9071 га, жана 9071га микронер менен иштетилди.
- Өткөн апталарда Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунун аймагында зыяндуу чегирткелердин массалык тобунун жайыттарга зыян келтирип жатканы байкалган. ДХЗРдин Жалал-Абад облусу боюнча адистери жерине барып, изилдөө иштерин жүргүзүшүп, 530 гектар аянтта бар экенин табышкан. Ошонун негизинде 920 га изилденип,анын ичинен 530 га химиялык иштетүүгө жатат деп табылып ошол 530 га жердин баардыгына химиялык иштетүүлөр жүрдү.
Баткен облусу боюнча изилденгени - 8294 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 6990 га, микронер менен иштетилгени - 6430 га.
- Баткен району боюнчаизилденгени - 1150 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылган - 1000 га, жана 1000 га микронер менен иштетилди.
- Лейлек району боюча изилденгени - 7144 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы -5990 га, микронер менен - 5430 га иштетилди.
Ош облусу боюнча изилденгени - 16960 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы- 14680 га, микронер менен - 4600 га жана учак менен 10080 га. иштетилди.
Ноокат району боюнча изилденгени – 9300 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы – 8070 га, учак менен 8070 га. иштетилди.
- Араван району боюнча изилденгени - 7660 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы -6610 га, микронер менен - 4600 га жана учак менен 2010 га иштетилди.
Чуй облусу боюнча изилденгени 1600 га, химиялык иштетүүгө жатат деп табылганы 710 га, иштетилгени – 710 га (трактор менен):
- Чуй району Кегети а/о изилденди – 300 га, иштетүүгө жатат деп табылганы 260 га, иштетилгени – 260 га (трактор менен); 
- Панфилов району Фрунзе а.о. изилденди – 1300 га, иштетүүгө жатат деп табылганы 450 га. иштетилгени – 450 га. (трактор менен).
Бүгүнкү күнгө карата баардык техникалар оң абалда, ГСМ жана пестициддер менен камсыз болгон.

 

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок